Эдил

Википедия дан

Эдил"Манас" эпосундагы топоним. Кыргызга жамаатташ айрым уруулар байыртан мекендеген жерлердин бири катары эпостун айрым эпизоддорунда эскерилет. Мисалы, "Жакып элди чогултуп, Алтайдан Анжыянга көчөлү деп айтканы" аттуу эпизоддо кеңешке катышкан Байжигит мындай дейт:

Эдил, Нура суусу бар,

Эсен-аман ушу бар.

Оролдун узун тоосу бар,

Ошого жакын барсак деп

Бир кыйла элдин оозу бар.

Эдил, Жайык жери бар,

Эне-атабыз өскөн деп

Бир кыйла элдин кеби бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 15— 16).

Э. Волга дарыясынын мурунку учурларда түркчө аталышы. Э. же Итиль деп анын боюнда жашаган башкыр, татар, чуваш жана башкалар түрк тилинде сүйлөгөн элдер азыр да айтышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4