Чагатай

Википедия дан

Чагатай (туулган жылы белгисиз – 1242) – Мавераннахр, Жетисуу жана Чыгыш Түркстанды (Чагатай улусун) бийлеген моңгол ханы; Чыңгыз хандын экинчи уулу. 1211-жылы Чыңгыз хандын Кытайга жасаган жүрүшүндө аскер тобун башкарган. 1219–21-жылы Орто Азияда согушуп, башка бир туугандары менен бирге Хорезмди басып алган. Чагатай мурас бөлүштүрүүдө атасынын ээлигинин чыгыштагы уйгурлар өлкөсүнөн Бухарага чейин жана батышта Самаркан жерлерин алган. 1226-жылдан Кыргызстандын аймагы Ч-дын бийлиги астында болгон. Диний саясаты жагынан алганда моңголдор эч кимге кысым жасаган эмес. Теңир-Тоо калкы ислам, несториан, бутпарас жана башка диндерди эркин туткан. Бирок алардын оор алык-салыктары, аскердик жортуулдары үчүн адамдардын алынышы, көчмөн түрк-моңгол урууларынын Теңир-Тоого көчүрүлүшү Кыргызстандын мурдагы өнүгүп отурукташкан өрөөндөрүнүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырашына жана шаар-кыштактардын кыйрашына алып келген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.