Чагатай улусу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Чагатай улусу
Flag of None.svg


Flag of None.svg


Chagatai Khanate late 13th century locator map.svg
Борбор калаа 1222—1266 Алмалык
1266—1370 Самарканд
Тил Чагатай тили, Перс тили
Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория

Чагатай улусу (1224–1348) – мурас бөлүштүрүүдө (1224) Чыңгыз хандын уулу Чагатайга жана анын урпактарына тийген Борбор Азиядагы аймак. Ал аймакка Мавераннахр, Жетисуу, Кашкар кирген. Ясы жол-жоболоруна ылайык Чагатайга 8 миң аскер бөлүнүп, Улуг-Иф (Чоң үй) менен Алмалыктын батышындагы Куяш улус борбору болуп жарыяланган. Мавераннахр Чагатай улусуна караганы менен, иш жүзүндө аны Үгөдөй хан башкарган. Ал Мавераннахрды башкаруу укугун Махмуд Ялавачка (1225–38-жылы башкарган) тапшырган. Кийин анын уулу Масудбек (1238–89) бийликти колуна алган. Чагатай өлгөндөн кийин (1242-жылы) моңгол төбөлдөрүнүн ичара күрөшүнүн натыйжасында, Чагатай улусу начарлап, анын аймактарын Муңке менен Батый бөлүп алган. Мавераннахр Батыйга тийген. 1259-жылы Чагатайдын небереси, Байдардын уулу Алгу бийликке келип, чагатайлардын бийлигин кайра орнотуп, ал 1266-жылдарга чейин улусту башкарган. Хайду мамлекетинин түзүлгөндүгүнө байланыштуу (1269) Чагатай улусунун аймагы Хайду менен Баракка бөлүштүрүлүп, көпчүлүгү Хайдунун энчисине тийген. Кийинчерээк Хайду Чагатай улусун башкарууга Барактын уулу Тубаны коюп. Хайду өлгөндөн кийин анын ээлеген жери толугу менен Тубанын карамагына өткөн. Тубанын уулу Кебектин тушунда (1318–26) мамлекетин борбору Теңир-Тоодон Мавераннахрга – Каршы шаарына көчүрүлгөн. Ал акча реформасын жүргүзүп, моңгол ак сөөктөрүн отурукташтыруу менен шаар турмушун колдоо ишчарасына колдоо көрсөтөт. Чагатай улусунун төбөлдөрү карама-каршы эки топко бөлүнүп, бири (Чагатай, Күйүк, Барак жана башка) көчмөн турмушту, моңгол турмуш-тиричилигин, каада-салтын жактырып, отурукташкан калкка карата талап-тоноочулук, айдоо жерлерин жайытка айландыруу саясатын колдошкон жана Чагатай улусунун түндүк-чыгышы Жетисууну колго алган. Экинчи тобу (Моуңке, Масудбек, Кебек жана башка) отурукташкан элди талоонго алуу оң натыйжа бербейт деп эсептешип, алар бирдиктүү хан бийлигин бекемдөө, айыл-чарбасын, кол өнөрчүлүк, соода, шаар тармагын өстүрүү аракетин кылышкан жана алар Мавераннахрды көздөшкөн. 1346-жылы Чагатай улусунун акыркы ханы Казан Казаган эмир тарабынан өлтүрүлгөн соң Мавераннахрда бир нече майда түрк эмир аймактары пайда болуп, бара-бара Тимурдун мамл. түзүлөт. Ал эми Чагатай улусунун чыгышында дуулат эмири Пулатчы 1348-жылы Аксыда такка көтөргөн чагатай тукуму Тоглук-Темир турган.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.