Моголстан

Википедия дан

Моголстан (‎чагатайча مغولستان Moğūlistān) — 14-кылымда Чагатай улусунун чыгышында негизделген мусулман түрк-моңгол мамлекет. Ээлеген аймактары — Теңир-Тоо, Жеты-Суу, Чыгыш Түркстан жана Памир-Алай. Кыргыз элинин калыптанышынын акыркы кездери (этаптары) Моголстанда өткөн.

Моголстан
Чагатай хандыгынын бөлүнүүсү.
  • 1347–1462 (бириккен)
  • 1462–1705 (чыгыш моголстан)
  • 1462–1680 (батыш моголстан) —



Борбор калаа Алмалык
Тил моңголчо, чагатай тили
Дин теңирчилик, (кийинчирээк Ислам)
Башкаруу формасы Монархия
 - 1347—1363 Тоглук-Темир
 - 1363—1368 Ильяс Кожо
 - 1429—1462 Эсен Бука II
Чагатай улусу
Кумул Хандыгы
Жаркент хандыгы
Турпан хандыгы

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1346-жылы Казан-хан өлтүрүлгөндөн кийин Чагатай улусу ыдырай баштаган, башкача айтканда мурунку калыбынан ажырап, бир топ өзгөрүүлөргө туш келген. Мавераннахрда түрк-моңгол эмирлеринин бир нече майда ээликтери түзүлсө, Мухаммед Айдардын эмгегинде (к. Тарих-и Рашиди) анын чыгыш бөлүгү (Маңдай Сүбө) Уртубу-нойондун энчисине тийгени айтылат. Анда Чыңгыз-хан басып алган жерлерин төрт уулуна бөлүп бергени, анын бири Моголстан болгону, кийинчерээк ал дагы экиге бөлүнүп, чагатайлар моголдорду «жете» («каракчы»), ал эми моголдор чагатайларды «караунас» (түз мааниде «аргын») деп кемсинтип атаганы, 16-кылымдын башында Бабурдун тукумунан башка чагатайлар калбай, кыргыз менен өзбек-казактар Моголстанды ээлеп алганы, моголдордон болгону Турпан, Кашкар жакта 30 миңдей калып, алар динчил мусулман болуп кеткени тууралуу маалыматтар бар.


Чыңгыз-хандан калган эрежеси боюнча хандар анын тукумунан гана шайланып, жер-жерлердеги улусбеги, эмир ж. б. аларга кызмат кылууга тийиш болгондуктан, бийликке жетүү үчүн алар хандын тукумунан бирөөнү пайдаланышкан. Ошондуктан бул мамлекеттин түптөлүшүнө күчтүү эмирлер (дуулат наамындагы) чоң роль ойногон, б. а. Моголстандын тарыхы Уртубунун небереси Пулатчы Туглук Темирди (Чыңгыз-хандын тукуму) Ак-Суу шаарына (Чыгыш Түркстан) алып келип, такка отургузушунан (1347) башталат. Ал эми анын уулу Кудайдад өз колу менен 6 ханды Моголстандын тагына отургузса, эмир Сейит Али Улугбектин наместигинен Кашкарды бошотуп, биротоло хандын ишенимине кирген. Туглук Темир (1347–62) бийлигин бекемдөө үчүн ислам динин киргизип, бир катар админстративдик, экономикалык, саясий реформаларды жүргүзгөн. Башкы калаасы (1347–80) Алмалык болуп, 1361-жылы Мавераннахр толук могол ханынын кол алдында калган. Ошентип, азыркы Кыргызстан жана Казакстандын түш.-чыгышын кучагына алган, б. а. чыгышынан Баркөл, Эмил жана Иртыш; түндүгүнөн Көкчө-Теңиз (Балхаш), Бум-Лиш жана Каратал; батышынан Түркстан, Ташкент; түштүгүнөн Фергана, Кашкар, Чалыш, Турпан менен чектешип, атчан адам үчүн баш-аягы жети-сегиз айлык жол болгон Моголстан мамлекети түзүлгөн.

Кыргыз уруулары да Моголстанга караган аймактын ичинде калып, бирок көз каранды болбоо үчүн хандарга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп тургандыктан, Мухаммед Хайдар аларды «Моголстан токоюнун арстандары» деп атаган. Туглук Темирдин уулу Илияс Кожонун тушунда (1362—1380) Моголстан ыдыроого туш келип, Жети-Суу аймагына Камар ад-Дин ээлик кылса, Иледен Тарбагатайга чейинки жерлер Анка-төрөнүн колуна өткөн. 1368-ж. Илияс-Кожонун Турпанды басып алышы менен ал жердеги бурканчылыкты туткан уйгурлардын үстөмдүгү (Турпан Ыйыккуттугу) жоюлуп, Турпан шаары борбор болуп калган (1380–1419). 14-кылымдын 70–80-ж. Аксак Темир бир нече жолу Моголстанга жортуул жасап, натыйжада Кызыр Кожо (1380–99) Аксак Темирге баш ийүүгө аргасыз болгон.

Мухаммед хандын тушунда (1408–16) Моголстан кайрадан күчкө кирип, Чүй, Талас өрөөнүн кайрып алышкан. 15-кылымдын биринчи жарымында чыгыштан төрт ойрот биримдиги (чоро, тыргоот, баргы, кыргыз) тынымсыз кол сала баштап, Увайс-хан (1418–28) борборун кайра Алмалыкка көчүргөн. Ал өлгөндөн кийин Моголстандын саясий абалы начарлаган жана майда аймактарга бөлүнүп, ээлеген аянты да өзгөрүүгө учурай баштаган. Мис., Мухаммед Хайдар боюнча бир учурда Султан Акмат-хан Ташкент, Сайрамды таштап, Моголстанга кетсе, экинчи бир жолу Кашкар, Жаңы Гысарды калтырып, кайра эле Моголстанга келген же ушул мезгилде Ташкент, Сайрам жана Кашкар, Жаңы Гысар Моголстандан сыртта калган. 16-кылымдын башында Мухамед Хайдар Моголстанга чыгышы Куча, батышы Кожент, түндүгү Чарын-Челек (Иле дарыянын оң жээги), түштүгү Тарым суусунун аралыгындагы жерлерди киргизип, негизги шаарлары катары Кашкар, Жаркент (Яркенд), Ак-Суу, Котон (Хотан), Ат-Башы, Аксыкентти (Аксы) көрсөткөн. Увайс-хандан кийин кыргыз уруулары күч алып, могол хандары алар менен эсептешүүгө аргасыз болушкан. Эсен-Бука хан (1433–62) Чүй суусунун аягындагы Козу-Башы деген жерди өзбек Абулкайыр-хандан ооп келген өзбек-казак султандары Жаныбек менен Керейге берген.

Мухаммед Хайдар боюнча хижранын 916-ж-нан (1510/11) баштап кыргыздар аябай күч алгандыктан, Моголстанга (Теңир Тоого) бир да могол ханы жолобой калган жана алардан Түркстан, Сайрам, Шаш (Ташкент) шаарынын чет жакасындагы өзбек-казактарда катуу жабыр тартышкан. Муну шылтоологон Султан Сейит-хан (1514–33) хижранын 928-ж. (1521/22) «жайыты кең, тоюту мол» Моголстанды басып алууга кирише баштаган. Ал үчүн Мырза Али Тагай улусбеги, Мухаммед-кыргызды эмир кылып дайындап, жаш экенине карабай, уулу Абд ар-Рашидди кыргыздарды каратуу үчүн Кочкорго жөнөткөн. Мухаммед-кыргыз ага кыргыздардын бир бөлүгүн баш ийдирген, калган бөлүгү казак Дайыр-ханды колдоп кеткендиктен, Абд ар-Рашид кийинки жылы Ат-Башыга, андан Кашкарга кайтып кеткен. Ушул учурдан баштап (бир нече жолу катуу сокку жегенине карабай) кыргыздар Кашкар тараптагы могол хандарына көз каранды болуудан биротоло арылган.

Султан Сейит-хан 1514 жылы Жаркент менен Кашкар тарапта өз алдынча Мамлакат-и Могулийе аттуу мамлекет түзөт, бирок 1516 жылы Турпанда бийлеген Мансур-хан (Самансур-хан) агасын башкы хан катары тааныйт. Турпан аймагын эле ээлеп калган Моголстан, 1570 жылдары Мансур-хандын уулу Шаа-хан өлгөндөн кийин, кыйрап Кашкар тараптагы Мамлакат-и Могулийенин хандарынын үстөмдүгүнө кирет.

1678-жылы Мамлакат-и Могулийени Аппак-Кожонун чыккынчылыгынан кийин жуңгарлар басып алып, 1704-жылы Мухаммед Мумин хандын көтөрүлүшүнө байланыштуу биротоло жоюлган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Иванов П. П. Очерки по истории Средней Азии. М., 1958;
  2. Петров. К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношений с ойратами и XIII—XIV вв. Ф., 1961;
  3. Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965;
  4. Юдин В. П. О родоплеменном составе могулов Могулистана и Могулии и их этнических связей с казахскими и другими соседними народам / Изв. АН КазССР. Вып. 3. 1965;
  5. Бартольд В. В. Древнетюркские надписи и арабские источники. Соч. Т. V М, 1968;
  6. Акимушкин О. Ф. К вопросу о внешнеполитических связях могольского государства с узбеками и казахами в 30-х годах XVI — 60-х годах XVII в. // Палестинский сборник. Вып. 21 (84). Л., 1970;
  7. Пищулина К. А. Юго-Восточный Казахстан и середине XIV — начале XVI в. А.-А., 1977;
  8. Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999;
  9. Howorth H. H. History of the Mongols from the 9th to the 19th century, pt. 1, the Mongols proper and the Kalmuks, London, 1876.