Эсен Бука

Википедия дан

Эсен Бука II (белгисиз – 1462) — Моголстанды бийлеген хан.

Вайс хандын экинчи уулу, Юнус хандын агасы. 1434-ж. Моголстандын тактысына отурган. Жаш Э.-Б. уруулаштар арасында кадыр-баркка жетише элек болгондуктан, айрым эмирлер өз алдынча башкарып турушкан. 15-к-дын 40-ж-нын башында Э.-Б. Моголстанда өз бийлигин калыбына келтирүүгө жетишет. Анын тушунда Дашт-и Кыпчактан өзбек-казак ханы Абулхайр ханга таарынган. Керей ж-а Жаныбек баштаган казактардын тобуна Жетисууга ж-а Чүй өрөөнүндө жайгашууга уруксат берген.

Санжырасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ата теги: ЧыңгызканЧагатай — Мамкан — Кара Ысун — Барак — Давож — Шер Али Оглан — Уайс хан — Эсен Бука Хан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003