Ойрот биримдиги (15-кылымдын башы)

Википедия дан

Ойрот биримдиги (15-кылымдын башы) – батыш моңгол урууларынын саясий түзүлүшү. Н. Бичурин, В. Бартольд ж. б. окумуштуулар Ойрот биримдигин «биримдик», В. Рязановский, К. Костенков ж. б. «союз» деп түшүндүрсө, Б. Я. Владимирцeв моңголдордун «ойрад» (калм. «өөрд» – «жакын») деген сөзүнүн маанисине карап, европалык ориенталисттер «союздаш» деп түшүнгөнүн, иш жүзүндө ойрот союзу болбогонун эскертет. Кытайдагы Юань династиясынын кулашы (1368) Батыш Моңголиядагы ойрот (чорос, тыргоот, хошут, дөрбөт) урууларынын күч алышына алып келген. Эсендин (1440–55) тушунда Балхаш көлүнөн Улуу Кытай дубалына чейинки аймакты кучагына алган Ойрот биримдиги түзүлгөн. 1468-ж. Алтайдын чыгышындагы Таш-Туранду деген жерде Манцухай-Сайн-Хатун жетектеген моңголдордун колунан жеңилгенден кийин ойроттордун бир бөлүгү түндүк-батышка, экинчи бөлүгү түштүккө, Акбаржин (Абабарци-чинсанг) башында турган сибирь кыргыздары Чыгыш Тянь-Шандын тоолуу райондоруна (Комул, Баркөл) көчүп, Ойрот биримдиги майда ээликтерге ажырап кеткен.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]