Жуңгар хандыгы

Википедия дан
Жунгар хандыгы 1720 ж.

Жуңгар хандыгы (1635–1758) – 17-кылымдын биринчи жарымында Батыш Моңголияда түзүлгөн ойрот мамлекети. Тарыхый маалыматтар боюнча oyir-a (жакын), derben (төрт) деген түшүнүк менен 15-кылымда ойроттор же «чорос» (жорос), «хошут» (хошоут), «тыргоот» (торгоут), «дөрбөт» (дербет) аталган төрт чоң уруу өз алдынча этностук, саясий конфедерация түзүшкөн деп айтылса, экинчи көз караш боюнча ойрот «токой адамдары» дегенди билдирген.

Бирок ойрот тарыхын изилдөөчүлөрдүн арасында бирдиктүү пикир жок. Кээ бир окумуштуулар (Н. Бичурин, В. Бартольд ж. б.) аны «биримдик», экинчилери (В. Рязановский, К. Костенков ж. б.) «бирлик» деп түшүндүргөн. Б. Я. Владимирцов моңголдордун «ойрад» (калмакча «өөрд» – «жакын») деген сөздүн маанисине карап, европалык ориенталисттер аны «союздаш» деп түшүнгөнүн, иш жүзүндө ойрот союзу эч качан болбогонун эскертет. Кытайдагы Юань династиясынын кулашы (1368), Батыш Моңголиядагы ойрот (чорос, тыргоот, хошут, дөрбөт) урууларынын күч алышына өбөлгө түзгөн.

1390-ж. чорос князы Батулучинсанга моңголдор үстөмдүгүнө каршы Сибирь кыргыздары менен бирликке бириккен. Чыгыш моңгол ханы Элбек өлтүрүлгөндөн кийин (1399) кайра Учеги Кашка башында турган кыргыздар менен каршылаша баштаган. 1412-жылдары ойроттордун ээлиги батышынан Моголстан менен чектешип калган. Учеги Кашка 1415-ж. Батулучинсанганы өлтүрүп, көп өтпөй өзү өлгөндөн кийин бийлик Махамуга тийген. Махамунун уулу Тогон (1418–40) жана анын уулу Эсендин (1440–55) тушунда Балхаш көлүнөн Улуу Кытай дубалына чейинки кеңири аймакты кучагына алган ойрот биримдиги түзүлгөн. 1468-ж. Алтайдын чыгышындагы Таш-Туранду деген жерде Манцухай-Сайн-Хатун жетектеген моңголдордун колунан жеңилгенден кийин, ойроттордун бир бөлүгү түндүк-батыш, экинчи бөлүгү түштүк, ал эми Акбаржин (Абабарци-чинсанг) башында турган сибирдик кыргыздар Чыгыш Тянь-Шандын тоолуу райондоруна (Комул, Баркөл) көчүп, ойроттор майда ээликтерге ажырап кеткен. Мындай абал 17-кылымга чейин созулуп, адегенде Чыңгыз хандын тукумуна баш ийип, 16–17-кылымда чыгышынан моңгол хандары, батышынан Моголстан мамлекети менен тынымсыз күрөш жүргүзүп турган. 16-кылымдын аягында Иртыш дарыясынын жогору жагын тайшы (князь) Саин-Сэрден башында турган тыргоот уруусу, батышында Каракулдун (Кара-Кула) кол алдындагы чоростор, аларга жакын Саин-Тэбенеге караштуу дөрбөттөр, Нарынколду (Алтай) Байбагыш (Байбагас) ханга тиешелүү хошуттар жердеп турган. 1619–21-ж. халхас ханы Жолой-Уубашы (Алтан хан) коңтаажы, 1628–29-ж. анын баласы Омбо-Эрдене бул урууларга чабуул коюп, аёосуз кырган. Натыйжада тыргооттор менен дөрбөттөрдүн көбү Волга жээгине жер которуп кеткен (азыркы Калмыкия). 17-кылымдын орто ченинде алардын түштүк-батышындагы коңшусу Моголстанда саясий бытырандылык башталып, майда хандыктар менен султандыктардын түзүлүшү, чыгышында жайгашкан Халха хандыгынын алсырашы, түштүк жагындагы күчтүү хандык – Чахар хандыгынын жоюлушу ойроттордун кайрадан күч алышына алып келген. 1634-ж. Каракул өлүп, анын ордун уулу Куту-Көчүн баатыр (Хуту-Коцин-Батур) ээлеп, башында чоростор турган жаңы хандык негизделет. Чорос уруусунун чыгышы тууралуу боюнча бир нече уламыш айтылат. 1) бул уруунун түпкү атасын бакка асылган бешиктен таап алышкан жана анын оозуна жалбырак чорго (цорго) болуп, жаандын суусун тамчылатып турган; 2) Таап алган баланын жанында чара (чоро) болгондуктан, ага Чорос деген ысым берилген; 3) Чоростор (цорос) карагайдын көңдөйүнөн таап алган бир баладан тарайт, ал карагай тамеки тарткан канжага («цорго») окшош болгон; 4) Чорос этноними енисейлик кыргыздардын тилинде «баатыр», «чоро» деген маани берген ж. б. 1640-ж. ойрот конфедерациясына кирген уруулар Тарбагатайда курултай өткөрүп, жаңы мамлекеттин негизин түзгөн «Жалпы моңгол-ойрот мыйзамын» («Цааджин бичиг») кабыл алган. Хандык бийлик чексиз болуп, атадан балага мурас катары калган. Куту-Көчүн өлгөндөн кийин (1653) артында он бала калып, ордуна ортончу уулу Сеңге отурган. Сеңгенин такка отурушу менен бул мамлекет эки жаатка бөлүнүп, Байбагыш хандын уулу Аблай-тайшы башында турган калмактар «Оң жак хандыкты» («Баруң кар»; калмак тилинде «баруң» – оң, «кар» – кол, каруу) түзүшкөн. Ага жооп кылган Сеңге тарабындагылар же «Сол жак хандык» («Жуңгария»; «зуң» – сол, ошол кездеги орус документтери боюнча «зюнгарлар», «Зюнгария») деген атка ээ болгон. Жуңгар хандыгы күч алышы менен биринчи иретте Жолой-Уубашы түзгөн Алтан-хан мамлекети жоюлган (1667). Сеңге бир туугандары Баатыр, Чечен тайшылар колдуу болуп өлгөндө, анын ордун башка бир тууганы Галдан Бошокту (Галдан-Бошокту Хан - 1671–97) алат. Жуңгар хандыгы Араптандын (Цеван-Раптан) тушунда (1697–1727) аябай өнүккөн. Ал Далай-ламанын колунан «Эрдене-Жүрөктүү-Баатыр коңтаажы» (Эрдени-Журюкту-Батыр-контайши) деген наам алган. Андан кийинки Калдаң Серен (Галдан Цэрен - 1727–45), Цеван-Доржи Намжил Ажа-хан (1745–50), Лама Доржи (1750–53), Дабачы (1753–55), Амирсан (1755–57) башкарган. Булардын ичинен Амирсандан башкасы Куту-Көчүндүн түз тукуму болуп эсептелет. Амирсандын уругу хойт - Калдаң Серендин кызынан туулган. Азыркы Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жайгашкан аймактар Жуңгар хандыгы тарабынан 1643-, 1658-, 1681–84-, 1711–12-, 1714-, 1717-, 1723-, 1725-, 1739–41-ж. аёосуз чабуулдарга дуушар болгон. Галдан Цэрен өлгөндөн кийин негизинен кыргыз, казактар, өзгөчө Цин империясынын кийлигишүүсүнөн улам жана ич ара карама-каршылыктардын күчөшү, саясий-экономикалык кризистер (мамлекеттин жалаң согуштан түшкөн каражатка көз каранды болуп калышы) Жуңгар хандыгын алсыроого алып келген. 1758-ж. күч менен Цин империясынын курамына киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.) 2-е изд. М., 1983;
  • Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, Т. 1;
  • Голстунский К. Ф. Монголо-ойратские законы 1640 г. СПБ., 1880;
  • Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991;
  • Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргыз¬ского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995.