Ойроттор

Википедия дан
Ойроттор
Учурда жайгашкан ареалы жана саны

Бардыгы: 640 000
Кытай:
230 000 (Каттоо, 2000-жыл)[1]

Моңголстан:
болж. 187301 (Каттоо, 2010-жыл) [2]
Орусия:
183 372 (Каттоо, 2010-жыл) [3][4]

Кыргызстан:
12 000 (2012-жыл)[5]
Америка Кошмо Штаттары:
2 000 (Каттоо, 2000-жыл)[6]
Казакстан:
422 (Каттоо, 2009-жыл)[7]

Тили

ойрот тили (калмакча)

Дини

тибет буддизми
(Гелуг мектеби Теңирчиликти кабыл алуу менен коштолгон

Расалык тиби

монголоид

Тууган элдер

монголдор, буряттар

Этноним, ойрот мамлекеттик бирикмеси жөнүндө В.В. Бартольд мындайча жазат: Bейс-кандын тушунда Моголстанга чыгыштан бутпарас дининдеги моңголдор, а.и. 14-кылымды аягында атагы чыга баштаган чорос, хошот, торгут жана хойт уруулар союзу (төрт уруу) кол сала баштаган (В.В. Бартольд, Соч., т. 2. 86-б). Кыргыздардын бир бөлүгү Алтай аймагында жашап, ойрот-калмактар менен өтө тыгыз карым-катнашта болгондуктан, алар жөнүндөгү реалдуу маалыматтарды туура кабылдап, аны «Манас» эпосунда да чагылдырып, сактап келген фактыларды учуратабыз. Мисалы, 14-кылымдын аягында түзүлгөн ойрот мамлекеттик бирикмеси тарыхта жана оозеки санжыраларда «Дөрбөн ойрот» (төрт ойрот) деген ат менен белгилүү болгон. Бул түшүнүк В.В. Бартольд жогоруда көрсөткөн: чорос, хошот, хойт жана тыргоот деген төрт уруунун бирикмеси «ойрот» (дөрбөн ойрот) деп аталгандыгы туюндуруп, тарыхый фактыны туура маалымдап турат. ОЙРОТТОР, Калмактар макаласын кара.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  1. Кытайда ойротторду расмий түрдө моңголдорго кошушат. Бардык «моңголдор» СУАР жана Цинхай аймактарында жашашат, андыктан алар чыныгы ойрот болуп саналышып ойрот-калмак тилдеринде сүйлөшөт
  2. Анын ичинде дербеттер (70,3 миң), баяттар (53,2 миң), захчиндер (31,2 миң), торгуттар (13,0 миң), өлөттөр (11,3 миң), мянгаттар (8,2 миң), хотондор (6,9 миң)[1] Archived 2011-07-08 at the Wayback Machine
  3. Орусияда ойротторго калмактар киришет
  4. 4.0 4.1 4.2 Бүткүл орус калкты каттоо, 2002-жыл. Текшерилген күнү 24 -декабрь (бештин айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 21 -август (баш оона) 2011.
  5. The office of the President of Mongolia, Public Relations & Communications Division http://www.president.mn/eng/newsCenter/viewNews.php?newsId=697 Archived 2016-12-06 at the Wayback Machine
  6. Кыргызстандагы этника аралык карым катнаш жана улуттун курамы, демографиялык тенденциясы
  7. 1989-жылы калкты каттоодо 1 127 калмак катталган ([2])