Пулатчы

Википедия дан

Пулатчы – 14-кылымдын ортосундагы теңиртоолук түрк-моңгол «Дөөлөт» уруусунун эмири; Моголстандын таасирдүү төбөлдөрүнүн бири. П. Моголстандын Маңгалай-Субе («Башкы аймак») аймагын башкарган. Анын курамына Фергана өрөөнү, Ташкен аймагы, Ош, Атбашы, Нарын аймактары, Аксуу, Кашкар, Жаркенд, Хотан шаарлары караган. Пулатчы Исан Бука хандын (1309–18) учурунда Кашкардын улусбеги, башкаруучусу болгон. 1318-жылы Исан Бука хан өлгөн соң, башкаруучусу жок могол улустары, ар кимиси өз алдынча бөлүнө баштаган. Пулатчы хандын тукуму деп эсептелген 16 жаштагы Тоглук Темирди 1348-жылы Моголстанга алдырып келип, аны хан деп жарыялап, өзүн Бүткүл Моголстандын беги деп жарыялаган. 1361-жылы пулатчы кайтыш болгондон кийин, анын орду уулу Худайдадга мураска калган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.