Шейбанийлер мамлекети

Википедия дан

Шейбанийлер мамлекети - 1500–98-ж. Орто Азиядагы мамлекет. 15-кылымдын 2-жарымында Ак Ордо, андан соң Өзбек хандыгында ичара карама-каршылык күчөп, мамл. бирикме ыдырай баштаган. Бул мамлекеттин көчмөн өзбек уруулары Орто Азияга келип, Мавереннахрдын борб. аймактарын каратып алышкан соң түзүлгөн. Көчмөн уруулардын бул аймакка келүүсү менен Тимурийлер мамл. кулап, анын аймактары Шейбанихан негиздеген мамл-тин курамына кирген. Борбору адегенде Самаркан, 1560-жылдан Бухара болгон. Шейбанихан 1510-ж. Иран шахы Аббас тарабынан талкалангандан соң, мамлекет экиге бөлүнүп, Мавереннахрда Хива хандыгы (борбору Үргөнч, кийин Хива) пайда болгон. Тимурийлердин Хорасандагы мурда ээлеген жерлерин Иран басып алган. Хорасанды кайтарып алуу үчүн уюштурулган жортуулдар мамлекетти бүлүнткөн. Шейбанийлер мамлекети Абдулла хан II (1557–98) башкарып турган мезгилде абал бир аз оңолуп, шаарлар, кол өнөрчүлүк, соода-сатык өнүккөн. Коңшу өлкөлөр менен дипломатиялык алакалар түзүлгөн. Шейбанийлер мамлекетинин тушунда Бухара ири маданий борборго айланган. Кийинчерээк бул мамлекет Бухара хандыгы деп атала баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003, 434-б. ISBN 5-89750-150-5