Мазмунга өтүү

Акча

Википедия дан

Акча – мыйзамдуу төлөм каражаты, жарандык укук объектилеринин бири. Акчанын негизги өзгөчөлүгү алар бүтүндөй жалпы эквивалент катары өзү менен кайтарымдуу мүнөзгө эгедер дээрлик баардык мүлктүк мамилелерди алмаштыра алат. Жарандык укукта акча баалуу кагаздар сыяктуу эле тектеш, алмаштырылуучу буюм түрлөрү катары таанылат.Акча бул колдун кири

Акча бирдиги – улуттук акча тутумунун катышы, өлкөнүн аймагында бирдей наркта милдеттүү түрдө кабыл алына турган мыйзамдуу төлөм каражаты. КР расмий акча бирдиги – сом. КР аймагында

башка акча бирдигин киргизүүгө жана акча суррогаттарын чыгарууга тыюу салынган. КР аймагында башка Акча бирдиктери (чет өлкө валютасы) менен эсеп-кысап жүргүзүү шарты менен тартиби мыйзамдар тарабынан аныкталат.

Акча жүгүртүмү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акча жүгүртүмү – товарлардын, товардык эмес төлөмдөр менен эсептердин айлануусун тейлеген, ошондой эле товардык эмес төлөмдөр менен эсептешүүлөр. Акча жүгүртүмү толугу менен.

1) жүгүртүлө турган акча белгиси;
2) жеке жана юридикалык жактардын эсеби менен аманаттарында турган акча каражаты;
3) банктардын ж. б. аткарыла турган шартсыз акча милдеттенмелери.

Акча реформасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акча реформасы – акча жүгүртүүсүн тартипке салуу жана бекемдөө максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн акча тутумун толук же жарым-жартылай кайра түзүү. Акча реформасы аргандай таризде жүргүзүлөт: валюта деноминациясы; эски акча бирдигин жаңы менен алмаштыруу же жарыша алпаруу; айрым акча белгисин жаңы үлгү менен алмаштыруу, аны менен бирге эле улуттук валютаны девальвациялоо же ревальвациялоо жана башкалар.

Акча суррогаттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мыйзамдарда каралбаган жана айрым жактар тарабынан өз бетинче киргизилген акча белгилери. Ырасмий акча белгилеринин жетишсиздигинен (негизинен) улам пайда болот.

Өлкөдөгү акча жүгүртүмүн уюштуруу таризи. Ага төмөнкүлөр кирет: ырасмий акча бирдиги; накталай акчанын эмиссия тартиби; акча жүгүртүмүн уюштуруу жана жөнгө салуу.

Валюта түгөйү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Валюта рыногунда ушул жупка кирген эки валютага баалардын катышы. Бул түшүнүк Forex рыногунда сооданы жөнөкөйлөтүү үчүн кеңири колдонулат, анткени бир валютаны сатып жатканда, соодагер ар дайым башкасын сатат. Жуптагы биринчи валюта базалык валюта деп аталат, ал эми экинчиси - котировка валютасы.[1]

  1. Валюта жуптары.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]