Манчестер

Википедия дан

Манчестер (Manchester) – Улуу Британиядагы ири шаар. Англиянын түндүк-батышында, Чоң Манчестер метрополитен графтыгынын курамында (1986-жылдан расмий унитардык түзүлүш). Пеннин тоосунун этегинде, Эруэлл, Медлок жана Эрк дарыясынын кесилишкен жеринде, Мэрси дарыясынын эстуарийинен 60 км аралыкта жайгашкан. Калкы 396,3 миң (2010; Чоң Манчестер конурбациясында 2,3 млн; калкынын саны боюнча өлкөдө 3-орунда; Чоң Лондон, Чоң Мидлендден кийин). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Маанилүү темир жол түйүнү. Деңиз порту. Шаар 79-жылы рим чеби катары негизделген. Шаар 1–2-кылымда бир нече жолу кайрадан курулган. 1182-жылдан Ланкашир графтыгынын курамына кирип, андан 1974-жылы чыгып, Чоң Манчестерге графтыгына караган. 1838-жылдан шаар статусун алган. Дан биржасы (учурда соода борбору), Альберт-сквер аянты (1863), ратуша (1868–77), чиркөөлөр, сүрөт галереясы, Атенеум, музей, китепканалар, университеттер, музыкалык колледж ж. б. бар. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуулук кылат. Манчестер – активдүү ишкерликтин ири борбору. Шаарда 60тан ашык банктар, финансф-кредит жана соода ишканалары иштейт, электрон почтасы жана ММКтарын басуу боюнча алдыңкы орунда. Би-Би-Си корпорациясынын үч таяныч пунктунун (Лондон, Бристолдон кийин) бирөө. Текстиль, бут ки­йим, парфюмерия-косметика (алардын штаб-квартиралары жайгашкан), машина куруу, тамак-аш («Unilever Bestfoods» ишканасы чай белендейт; кургатылган жана тоңдурулган продуктылар чы­гарылат) өнөр жай ишканалары иштейт. Өлкөдөгү туризмдин (2008-жылы 3,5 млн; андан түшкөн киреше 6 млрд фунт стерллингди түзгөн) жана авиакаттамдын (2008-жылы 21,1 млн жүргүнчү ташылган) Лондондон кийинки 2-борбору. Кеме (жылына 20 млн) каттамы да бар. Мейманкана иши жана ресторан бизнеси өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]