Токмок (аспап)

Википедия дан

Токмок (аспап) - казык кагуу, бир нерсени катуу уруу ж. б. үчүн ылайыкталган жыгач балка.

Катуу жыгачтан (арча, кара жыгач, өрүк, кайың ж. б.) жасалып, алардын уюлунун баш жагы салмактуу (тоголок же сүйрү), сабы ичке болот. Казык кагуу, тери ийлеп жумшартуу, эгиндин данын түшүрүү, ошондой эле килемдин эриштеринин ортосуна өткөрүлгөн аркакты ургулап бышыктоо, чындоо үчүн колдонулат. Ал эриштин жоондугуна ылайык, сабы 15-20смдей, уз. 16-18смдей, туурасы 10-17смдей, тиштери 1,5-2 смдей болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.