Лебединовка
Отурукташкан жай
Лебединовка
|
Лебединовка — Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Лебединовка айыл аймагынын акимий борбору.СОАТО коду — 41708 203 831 01 0[3]. Бишкек–Балыкчы автоунаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте жайгашкан. Бишкек шаарына батышынан туташат. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1891-ж. негизделген. Калкы 20 709 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү, клуб бар. Учук оорулар диспансери, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, Аламүдүн тери өндүрүш бирикмеси, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалистик Эмгектин Баатырлары А. Я. Семёнистова жана А. Т. Бочкарёва туулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 20 709 киши.[2] Калып:Kyrgyzstan-stub
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Фрунзе картасы, 1940-ж.
- ↑ 2.0 2.1 Перепись населения Киргизии 2009. Чуйская область. Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Государственный классификатор система обозначений объектов административно-территориальных и территориальных единиц Кыргызской республики
Аламүдүн • Садовое | ||
Арашан • Татыр | ||
Виноградное • Васильевка • Полевое • Привольное | ||
Гроздь • Ат-Башы • Бирдик • Экинчи Беш Жылдык • Лесное | ||
Көк-Жар | ||
Лебединовка • Восток • Дачное | ||
Ленин • Константиновка • Мыкан | ||
Маевка | ||
Төмөнкү Ала-Арча | ||
Октябрь • Лубяное • Чүй | ||
Байтик • Арчалы • Байгелди • Баш-Кара-Суу • Кашка-Суу | ||
Пригородное • Озерное • Степное • Достук | ||
Таш-Дөбө • Заречное • Малиновка • Сүймөнкул Чокморов | ||
Кой-Таш • Беш-Күңгөй • Горная Маевка • Кызыл-Бирдик • Подгорное • Прохладное • Таш-Мойнок | ||
Кара-Жыгач • Бек-Тоо | ||
Кайырма • Молдовановка | ||
Мраморное • Рассвет |