Мазмунга өтүү

Лебединовка

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Лебединовка
ӨлкөКыргызстан
ОблусЧүй облусу
РайонАламүдүн району
Координаттар42°53′05″ с. ш. 74°40′38″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1891
Мурунку аталышыВорошиловское[1]
Борборунун бийиктиги730 ± 1 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы20 709 [2] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Автоунаа кодуC, S, 08
Лебединовка (Кыргызстан)

ЛебединовкаКыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Лебединовка айыл аймагынын акимий борбору.СОАТО коду — 41708 203 831 01 0[3]. БишкекБалыкчы автоунаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте жайгашкан. Бишкек шаарына батышынан туташат. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1891-ж. негизделген. Калкы 20 709 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү, клуб бар. Учук оорулар диспансери, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, Аламүдүн тери өндүрүш бирикмеси, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалистик Эмгектин Баатырлары А. Я. Семёнистова жана А. Т. Бочкарёва туулган.

Калкы - 20 709 киши.[2] Калып:Kyrgyzstan-stub