Будённовка
Көрүнүш
Айыл
Будённовка
|
Будённовка — Кыргызстандын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл. Кочкорбаев айыл аймагына кирет.
Ысык-Ата суусунун оң өйүзүндө, Бишкек―Балыкчы унаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 737 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекетинен Кант шаарынан 8 км. 1930-ж. отурукташкан. Калкы 3900 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, бала бакча, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы ― 3604 киши (2009-жылы)[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Чуйская область. Текшерилген күнү 26 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4