Жээк (Ысык-Ата району)

Википедия дан
(Жээк, Ысык-Ата району барагынан багытталды)
Айыл
Жээк
Район Кыргызстан
Облус Чүй облусу
Координаттар 42.87209°N 74.89307°E / 42.87209°N 74.89307°E / 42.87209; 74.89307Координаттары: 42.87209°N 74.89307°E / 42.87209°N 74.89307°E / 42.87209; 74.89307
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1916
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 875 адамды (2007)
Сандык идентификаторлор
Жээк (Ысык-Ата району) (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

ЖээкКыргызстандын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл. Жээк айыл аймагына кирет.

Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 7 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1916-жылы негизделген. Калкы 875 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Колхоздоштуруу мезгилинде баатырларча курман болгон, ушул кыштакта туулган каарман пионер Кычан Жакыповго эстелик тургузулган жана мектепте музейи уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]