Эстондор

Википедия дан

Эстондор - Эстониянын прибалтика-финн эли.

Ошондой эле Швеция, АКШ, Канада, Финляндия, Россия, Австралия, Германия, Украина, Улуу Британия, Латвия, Ирландия, Казакстан жана Абхазияда да жашашат. Жалпы саны 1,1 млн киши, а. и. 925 миңи Эстонияда (2012). Эстон тилинде сүйлөшөт. Эстондордун көпчүлүгү атеисттер, динге ишенгендери - лютерандар, бир азы православныйлар. Б. з. ч. 3-миң жылдыкта чыгыштан жер которуп келген финн-угор уруулары менен байыркы абориген калкынын аралашуусунан Чыгыш Прибалтикада Э. пайда болгон. 13-кылымдын башында Түндүк Эстонияны даниялыктар, түштүгүн Ливон ордени экспансиялап, 1227-ж. Эстония аймагы Ливон орденине, 1238-1346-ж. Түндүк Эстония Данияга караган. 1558-1583-ж. Эстония Речь Посполита (түштүк бөлүгү), Швеция (түндүк бөлүгү) жана Даниянын (Сааремаа а.) ортосунда бөлүнүшү менен Ливон согушу аяктаган. 17-кылымдын ортосунда Эстондор Швециядан чыгып кеткен. 17-кылымдын аягынан эстон тилинде оңутуу, китеп басып чыгаруу кеңири жайылып, Эстондордун улуттук маданияты калыптана баштаган.

1700-21-ж. Түндүк согушунун натыйжасында Эстония Россия империясына, 1940-ж. СССРдин курамына кирген. 1991-ж. Э-дун көз карандысыздыгы жарыяланган. Э-дун негизги кесиби - дыйканчылык жана мал чарбачылык. Аялдары туника сымал бычылган көйнөк, жол-жолу бар юбка, кыска кофта же жеңсиз бешмант, башына чепец кийип, алжапкыч тагынган. Майрам күндөрү кооздуктарды колдонушкан. Эркектери туника сымал көйнөк, тизеге чейин же узун тигилген ыштан, желет, күрмө, башына кийиз калпак кийген. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт, балык азыктарынан даярдалып, улуттук суусундук катары сыра, квас колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4