Ливон согушу
Ливон согушу (1558-83) Балтика боюна жанa Балтика деңизине чыгуу үчүн Россиянын Ливон ордени.
Швеция, Польша жанa Литва улуу княздыгы менен согушу. Россия Балтика боюн ээлеп, деңиз аркылуу Европа өлкөлөрү менен соода жүргүзүү максатын көздөгөн. Бул максатты орус көпөстөрү менен ак сөөктөрү кубаттаган. 1558-ж. Иван ІV Ливон орденине согуш ачкан. Орус аскерлери Нарва менен Дерптти ээлеп. Ревелге жакындаган. Россиядан чочулаган Литва менен Дания Ливонияны колдогон. 1560-ж. орус аскерлерлеринин соккусунан Ливон ордени кулап, анын аймагын Польша, Швеция жана Дания бөлүп алган. Ливон согушунун экинчи мезгили 1561-ж. башталып, анда Россия Польша королдугуна, Литва улуу княздыгына, Швеция жана Данияга каршы согушкан. 1563-ж. орус аскерлери Полоцк чебин алган.
Князь А. М. Курбскийдин чыккынчылыгы, Польша менен Литванын, бир мамлекетке — Речь Посполитага биригиши (1563), ИванІVнүн ички саясаты (опричнина), түштүк крым татарлардын казаттары Россиянын абалын оордоткон. Польша 1579-ж. чабуулга өтүп, Полоцк, Великие Луки шаарларын ээлеп, 1581-ж. Псковду курчап алган.
Ушул эле жылы шведдер Нарва менен Корелди ээлеген. 1582-ж. түзүлгөн 10 жылдык келишим боюнча Полоцк менен Ливония Речь Посполитага карай, ал басып алган орус жерлери Россияга кайрылган. 1583-ж. Плюсск келишими боюнча Нарва, Ям, Копорье жана Ивангород шведдердин ээлигинде калган.
Ливон согушу Россия үчүн ийгиликсиз аяктаган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.