Жөөттөр

Википедия дан
Жөөттөр
Расмий аталышы

ивритче יהודים;
идишче יִדן/אידן

Учурда жайгашкан ареалы жана саны

Бардыгы: 13,626—13,855 млн
Калып:Израиль желеги 6 772 000
 АКШ 5 425 000—6 814 000
 Франция 478 000
 Канада 380 000
 Улуу Британия 290 000
 Орусия 82 644
 Аргентина 181 500
 Германия 108 000
 Австралия 112 500
 Бразилия 85 200

Тили

иврит тили

Дини

Иудаизм

Расалык тиби

европеоиддер

 кирет

семиттер

Этникалык топтор

ашкеназдар, сефардар, ирак жөөттөрү, кочин жөөттөрү, курдистан жөөттөрү, романиоттор, тоо жөөттөрү, крымчактар, караимдер, араб тилдүү жөөттөрү, бербер жөөттөрү, перс жөөттөрү

Келип чыгышы

байыркы жөөттөр, арамейлер, финикийлер

Жөөттөр- дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде таралган семит тектүү калк. Теги байыркы Израиль жана Жөөт кандыктарына барып такалат. 1948 жылы жөөттөрдүн Жакынкы Чыгышта Асрайыл мамлекети түзүлгөн. 2006 жылкы саноолорго ылайык дүйнө жүзүндө 12 миллиондон 14 миллионго чейин жөөттөр жашайт. Алардын негизги бөлүгү АКШда жана Асрайылда турушат.

Жөөттөр иврит, идиш, ошондой эле жашаган аймактагы жергиликтүү калктын тилинде сүйлөшөт. Негизинен иудаисттер. Жөөттөр диаспорада ашкеназ жана сефард болуп бөлүнүп, 2-дүйнөлүк согуш алдында ашкеназдар калктын 90%ин түзгөн.

Жөөт этносу биздин заманга чейин 2-миң жылдыкта Ханаан (азыркы Асрайыл) аймагында калыптанган. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта байыркы жөөт мамлекеттери – Асрайыл жана Иудея падышалыктарын Ассирия (биздин заманга чейин 722-ж.) жана Вавилония (биздин заманга чейин 586-ж.) багындырган соң, жөөттөр дүйнө жүзүнө жер которуп, тарап кеткен. Жөөттөрдүн бир бөлүгү Ж. Чыгыш, Түндүк Африка жана Түштүк Европа, анын ичинде байыркы түрк мамлекети Хазар кагандыгынын аймактарына отурукташкан. Орто кылымдарда жөөттөр Европа менен Азия аймактарына көчүп келип, жергилитүү калктар менен аралашса да, өздөрүнүн динин, маданий-тиричиликтик өзгөчөлүктөрүн сактап калган. 2-дүйнөлүк согуш убагында гитлерчилердин жөөттөрдү кырып-жоюуга багытталган саясатынын негизинде 6 млн чамалуу жөөттөр набыт болгон. Согуштан кийин европалык жөөттөрдүн көпчүлүгү АКШ жана башка өлкөлөргө кетүүгө мажбурланган. 1948-ж. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча Асрайыл жөөт мамлекети түзүлгөн. Шаар жериндеги жөөттөр дубал менен курчалган кварталдарда (гетто, жудерия, меллах, махалля) жашашкан. Жөөттөрдүн синагогия ибадатканасы, ырым-жырым мончосу (миква) болгон. Эркектер туника типтүү көйнөк, кара шым, дуба окууга ылайык саймаланган костюм (талит, талес, арбаканфес), узун чапан, кафтан (лапсердак), башына атайын баш кийим (кипа, ермолка) кийип, маңдайына бир тутам чач өстүрүп, сакал коюшат. Аялдар башына кепчач киет. Тамак-ашы – негизинен ун, балык, куш эти. Жөөттөр 19-кылымдын 2-жарымында, өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстанга көчүп келе баштаган. Учурда өлкөбүздө 1,5 миң жөөт жашап, ар кайсы тармакта эмгектенет. 1990-ж. Кыргызстан Жөөт маданият коому – «Менора» (демилгечи Эсфирь Серебро, 1996-жылдан төрагасы Б. М. Шапиро) түзүлгөн. Жөөт мектептери, «Хэсэд Тиква» фонду, синагогия коому иштеп, «Мааян» гезити чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]