Мазмунга өтүү

Кызыл-Туу (Сокулук району)

Википедия дан
Кызыл-Туу, Сокулук району‎»‎ барагынан багытталды)

Күнтуу— Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Күнтуу айыл аймагынын борбору. Жыламыш суусунун боюнда, деңиз деңгээли 830 м бийикте жайгашкан.

Райондун борбору Сокулук кыштагынан 17 км түштүк-чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 15 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 4049 (2009); негизинен багбанчылыкта эмгектенет, мал багат. Орто мектеп, өспүрүмдөрдүн спорт мектеби, ФАП, бала бакча, мадабият үйү, дүр-дүйнө дүкөнү жана башка бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социялдык Эмгектери Баатыры Б. Кулов туулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]