Молдавандар

Википедия дан

Молдавандар (өздөрүн молдовень деп аташат) – улут, Молдавиянын негизги калкы. Саны 2,8 млн киши (1998). Украинада (324,5 миң), Россияда (172,6 миң), Казакстанда (33 миң) да жашашат. Румынча, орус жана украин тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – православныйлар. Молдавандардын ата-теги Дакиянын жергиликтүү байыркы калкы – фракия урууларынан чыккан. 14-кылымда молдаван эли, 20-кылымдын башында өз алдынча молдаван улуту калыптанган. Негизги кесиби – мал чарбачылык, дыйканчылык, жүзүм өстүрүү жана бакчачылык. Молдавиянын борбордук жана түштүк аймактарында байыркы молдаван турак жай өзгөчөлүктөрү (үйдүн түбүнө айландыра төгүлгөн топурак жана үйдүн маңдай жагындагы узун балкон) сакталып калган. Улуттук кийими – эркектер ак көйнөк, ыштан, жеңсиз желет (мех бастырылган), башына кой терисинен тигилген тумак (кышында), чий калпак (жайкысын), аялдар саймаланган ак көйнөк, жүндөн токулган юбка, сүлгү сымал баш кийим же жоолук салынып, буттарына булгаары өтүк кийишкен. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт азыктары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]