Этнография

Википедия дан

Этнография - эл жана башка этностук жалпылыктарды, алардын этногенезин, турмуш тиричилигин жана маданий-тарыхый байланыштарын изилдөөчү илим.
Бул илимий тармактын ар кыл өңүттөрүн изилдеген окумуштууларды "этнограф" деп аташат. Этнография (байыркы гр. этнос — эл жана графия — жазам) — элдердин этностук өнүгүшүн, алардын келип чыгышын, каада-салтын, турмуш-тиричилигиндеги жана тарыхый-маданияттарындагы мамилелерин изилдей турган коомдук илим.

Э. илиминин изилдөө предметинин негизин — ар бир элге, өзүнө гана тиешелүү мүнөз бере турган, күнүмдүк турмушундагы салттык маданияты түзөт. Э-лык изилдөөлөрдүн башкы булагы — элдердин жашоо-тиричилигин түздөн-түз байкоо (стационардык жана экспедициялык жолу менен алынган маалыматтар) болуп саналат. Э. тарых жана археология илимдери менен байланышта элдердин этникалык тарыхын, алгачкы жамааттык коомун (азыркы элдердин арасында сакталып калган калдыктарды изилдөө боюнча) изилдейт.

Экономикалык илимдер жана социология менен бирдикте элдердин чарбалык турмушун, социалдык түзүлүшүн, ал эми тил илими менен бирдикте тилдик байланыштарын, окшоштуктарын, карым-катнаштарын жана башкалар иликтейт. Э-нын дагы бир маанилүү булагы катары, элдердин байыркы мезгилдердеги турмуш-тиричиликтерин, маданияттарынын келип чыгуулары тууралуу материалдарды чагылдырган элдик оозеки чыгармачылык эсептелинет.

Терминдин теги жана мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этнография (англисче Ethnography)- тарых илиминин бир бучкагын түзгөн илимий тармактын аталышы.

Бул термин "этнос" ( ἔθνος - "эл") жана графо" (γράφω — "жазуу") деген байыркы грек сөздөрүнөн куралган.

Дүйнөгө таанымал этнографтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы дүйнө жүзүнө этнографиялык эмгектери менен таанылган окумшутуулардын арасында Итс, Рудольф Фердинандович; Гадло, Александр Вильямович; Токарев, Сергей Александрович; Бромлей, Юлиан Владимирович; Фрэзер, Джеймс Джордж; Леви-Стросс, Клод; Боас, Франц; Малиновский, Бронислав Каспар; Миклухо-Маклай, Николай Николаевич; Тайлор, Эдуард Бернетт; Морган, Льюис; Дюркгейм, Эмиль; Мид, Маргарет; Пропп, Владимир Яковлевич; Бенедикт, Рут; Гиренко, Николай Михайлович ж.б. бар.

Кыргыз этнографтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз этнографиясын жана этнологиялык маселелерин иликтөөгө айрыкча салым кошкон илимпоздордун арасында Белек Солтоноев, А.Аристов, С.М.Абрамзон, Какен Мамбеталиева, Ө.Караев, Ю.С.Худяков, И.Б.Молдобаев, А.Баялиева, А.Асанканов, Реми Дор, Ху Чженхуа, Анвар Байтур, Астай Бутанаев, О.К.Каратаев, С.Кайыпов, Амантур Акматалиев, Т.Чоротегин, С.К.Алымкулова, А.Көчкүнов, Ч.Өмүрбеков, А.Жапаров, Б.Чыныбаев, Б.Акмолдоева, Г.Жумакунова, А.Ботобекова, Гундула Салк жана башка ар кыл илимий адистиктерде эмгектенген окумуштуулар бар.


"Манастагы этнография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Э-лык илимий көз карашта кыргыз элинин улуу чыгармасы «Манас» эпосу баа жеткис Э-лык булак катары кызмат кылат. «Манас» эпосунун баалуу Э-лык булактыгынын мааниси баарынан мурда андагы кыргыз маданиятынын ар түрдүү мезгилдериндеги өнүгүшү жөнүндөгү маалыматтардын болушунда турат. Албетте, этнограф-тарыхчылар, фольклорчулар же адабиятчылар сыяктуу эле эпостогу бардык окуялар же Э-лык маалыматтар чыгармачылык менен кайра иштелип чыккандыгын, көркөмдөлүп ырга кошулгандыгын, кээде башка бир формага өтүп кеткендигин эске алышы керек. Бирок, ушул жагдайды эске алуу менен бирдикте эпостогу маалыматтар жалаң эле кыргыз элинин маданиятынын тарыхындагы жаңы барактарды ачып бербестен, ошону менен катар этнографтар үчүн жалпы адамзаттын маданиятындагы байыркы элементтерди түшүндүрүүчү өзгөчө маанилүү материалдарды берет» (Абрамзон С. М. Киргизы...).
Кыргыз элинин башка элдер менен жүргүзгөн карым-катнаштары, этникалык байланыштары жөнүндө эпосто көптөгөн материалдар берилет. Мында байыркы Орто Азия, Волга-Урал боюндагы жана Түштүк Сибирь элдери менен болгон карым-катнаштары тууралуу айрым даректер чагылдырылат. Мисалы, эпосто төмөнкүдөй ыр саптары кезигет:

Кыргыздын байы Бактыгул
Жакын тууган мына бул
Казактан Үйшүн карыя
Алчын менен абагы,
Ата уулдан калганы.
Кыргыздардан Байжигит,
Кыпчактардан Таз чечен,
Нойгуттардан Акбалта,
Ногойлордон Эр Эштек,
Түрктүн уулу Дамбылда,
Түмөнбайдан Абдылда... (Сагымбай Орозбаков, 1. 44).

Бул жерде кыргыздардын негизинен түрк урууларына кирген элдер менен (казак, кыпчак, ногой жана башкалар) болгон байланыштары сүрөттөлүп жатат жана алардын негизинен этногенездик жакындыктары жөнүндө айтылат: «Казак, кыргыз, катаган, Жедигер, нойгут, думара — Баарыбыз бир атадан» (Сагымбай Орозбаков, 3. 14).
Байыркы кыргыздардын өздөрүнө кошуна жашаган элдер жөнүндө жана алар менен болгон байланыштары тууралуу мындайча айтылат:

Калмактан тыргоот, шибээн бар,
Жегени бака, жылан — мар.
Кыргызга калба салбасын,
Кыжылдап жаткан кытайды
Чакырып ашка албасын (Сагымбай Орозбаков, 3. 15), же «Коңшу болуп мангулга Кор болду ногой уругу» (Сагымбай Орозбаков, 1. 75).

Эпостогу Э-лык маанилүү маалыматтардын бири — байыркы кыргыз элинин дүйнөгө болгон көз караштарын, түшүнүктөрүн, жаныбарлар дүйнөсү, адам коому, аалам жана башкалар жөнүндөгү ой-толгоолорун чагылдырып турган мифтик түшүнүктөр арбын кездешет (к. Миф, Мифология).
«Манас» эпосунда кыргыз элинин байыркы кездеги диний түшүнүктөрүнө тиешелүү даректер да бар. Көчмөнчүлүк менен кесип кылган элдерде коомдук өнүгүү жай болуп, алардын арасында алгачкы жамааттык коомго таандык болгон диний ишенимдер көптөгөн кылымдар бою сакталып калган. Негизинен көчмөндөрдөгү мындай ишенүүлөр жаныбарларга жана жаратылышка сыйынуу болуп эсептелинет. Байыркы көчмөн түрк урууларынын алгачкы диний ишенүүлөрүн изилдөөдө «Манас» эпосу өзгөчө кызмат кылат, бирок кыргыз эли ислам динин мындан жүздөгөн жылдар мурун эле таанышкан, ошондуктан кийинки манасчылардын айтуусу боюнча бизге жеткен эпостун варианттарында ислам дини үстөмдүк кылат. Эпостогу айрым сүрөттөөлөрдө ислам динине чейинки диндик түшүнүктөрдү чагылдырган маалыматтар да кездешет:

Кайып эрен-кырк чилтен
Канкор эрдин жолдошу,
Кырк чилтендин бирөөбү
Ажыдаар болуп сойлошу,
Кабылан бири, бири шер,
Кашында бар сексен төрт,
Бири миңге тийген эр (Сагымбай Орозбаков, 2. 186—187).

Бул ыр саптарында кыргыздардын «кырк чилтенге» байланышкан байыркы диндик түшүнүктөрү көрүнүп турат. «Манас» эпосунда тотемизмдин калдыктары ачык байкалат. Аларга «Манастагы» жаныбарлардын колдоочулары Ойсул-Ата (Желмаян), Камбар-Ата (Камбар боз) же болбосо баатырларды колдоп жургөн кабылан, шер, алп кара куш жана башкалар ушундай сыяктуу кирет. Ушундай эле эпостогу тотемдик түшүнүктөрдүн бири — жапайы жаныбарлардын ээси — кайберен:

Аска бийик зоосу көп,
Тар капчыгай коосу көп,
Курбусунда кулжа бар
Кайыптын баары мында бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 169).

Кыргыздардын ислам динине чейинки диний ишенимдеринде ата-бабаларынын арбагына сыйынуу (анимизм) дагы өтө күчтүү болгондугун «Манас» эпосу далилдеп турат. Мындан арбакка ишенүү жөрөлгөлөрү эпосто кеңири кездешет. Манастын төрөлүшүндө, анын ата-энесинин түшүндө, алар уулдуу болорун жана аны арбак колдоп жүрө тургандыгы жөнүндө аян берилиши же Каныкейдин Тайторуну чапканда, атты Манастын өзүнүн жана анын чоролорунун арбактары сүрөгөндүгү жана башка ушундай сыяктуу көптөгөн мисалдарды көрсөтсө болот.
Мындан тышкары алгачкы жамааттык коомго тиешелүү диний ишенимдердин дагы бир формасы сыйкырчылыкка, кереметтүүлүккө ишенүү (магия) да эпостун ыр саптарында бар. Мисалы, эпостогу кээ бир согуштук эпизоддордо Аяш, Күйөш аярлардын (сыйкырчылардын) ар түрдүү айла-амалдар менен кубулуп кетиши же Айчүрөктүн перинин кызы болушу же эпостогу негизги каармандардын бири Алмамбет баатырдын күндү жайлашы сыяктуу окуялар буга мисал боло алат. «Манас» эпосунда Алмамбеттин күн жайлашы мындайча сүрөттөлөт:

Сандыргалуу Алмамбет
Жай ташын сууга байлады.
Алакең жайы мына бул:
Жаканын баары жамгырлап,
Бөксөнүн баары мөндүрлөп,
Туурадан туман дүркүрөп,
Кыбыладан караса
Кызыл мунар күркүрөп,
Аязына чыдабай,
Адамдын баары зиркиреп... (Сагымбай Орозбаков, 4. 158).

«Манас» эпосунда кыргыз элинин байыркы мезгилдериндеги материалдык маданиятын чагылдырган көркөм сүрөттөөлөр да арбын. Аларга кыргыз элинин жашоо-турмушунда пайдаланышкан боз үйлөрүн жана алардын жасалгаларын, ат-жабдыктарын, кийим-кечектерин, эмгек куралдарын, тамак-аштарын, ошондой эле согуштук куралдарын жана башкалар чагылдырган сүрөттөөлөрдү кошууга болот.
Эпос кыргыз элинин байыркы кездердеги каада-салттарын изилдөөдө да көрүнүктүү орунда турат. Манастын төрөлүшү, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы сыяктуу эпизоддордо кыргыз элинин каада-салттарын даана жана так чагылдырат. «Манас» эпосунда кыргыздарда байыртадан эле «сүйүнчүлөө» салты болгондугу кездешет. Манастын төрөлүшүнө байланыштуу «бала тою» кеңири чагылдырылат. Каныкейге үйлөнүүдө кудалашуу, калың берүү, үйлөнүү тою сыяктуу байыркы каада-салттардын элементтери кездешет. «Манас» эпосунда өлүк коюу, аш берүү же болбосо кан көтөрүү салттары да бар. Кыргыз элине таандык эски салттардын бири «эмчектеш тууган» болуу эпосто мындайча берилет:

Кубанып Алмаң титиреп,
Байбиченин эмчеги
Чийдей болуп зиркиреп,
Тамырынын баарысы
Ташып кетти диркиреп.
Балам, Манас, келгин деп,
Бала күндө эмдиң деп,
Сен эмгенсиң мурун да,
Баштап ээмп бергин деп
Байбиче айтып салганы,
Мамаңды эне, бергин деп
Алмамбет чуркап барганы (Сагымбай Орозбаков, 2. 336—337).

Эпос элдик оюндар жөнүндөгү Э. үчүн эң маанилүү көптөгөн материалдарды камтыйт. Андагы кездешкен оюндардын көпчүлүгү азыркы мезгилде да сакталып калган. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунда байыркы мезгилдерде эле кыргыз эли «ат чабыш», «найза сайыш», «күрөш», «жамбы атыш» сыяктуу элдик оюндарды өткөргөндүгү белгиленет. Мындан сырткары эпосто кеңири кездешкен элдик оюндун бир түрү — ордо болуп эсептелинет:

Калабалуу Кыргылчал
Ордодон оюн салганы,
Оёндордун баарысын
Чакырып жыйып алганы.
Тозулган болсо ойнуңар,
Томпойду жерге коюңар.
Апылдап жүрүп баарыңар,
Аңдабай таштап салдыңар
Атылбай калды каныңар (Сагымбай Орозбаков, 4. 180— 181), — деп сүрөттөлүп, мында «Ордо» оюнунун ойноо тартиби жөнүндө да, эң кылдаттык менен майда-чүйдөсүнө чейин даана берилет. Ушундай эле элдик оюндардын башка бир түрлөрү «чакмак таш» («топ таш»), «тогуз коргоол» («тогуз кумалак») жана бизге жетпей калган «чатыраш» (байыркы шахмат оюну) оюндарын да ойношкондору кездешет:
Кыркың кызык ойнотуп,
Чатыраш ойнун салыңар,
Тогуз, онуң биригип
Тогуз коргоол алыңар.
Жыйылып алып жыйырмаң,
Топ таш — чакмак алыңар (Сагымбай Орозбаков, 2. 304).

«Эр эңиш», «көк бөрү» («улак тартыш») сыяктуу ат үстүндө ойнолуучу оюндар байыркы көчмөн урууларында эзелтен бери эле ойнолору «Манас» эпосунан көрүнөт.
«Манас» эпосунда кездеше турган дагы бир Э-лык тема элдик билимдик түшүнүктөр болуп эсептелинет. Кыргыз элинин илгерки замандарда эле табиятка жана андагы кубулуштарга, жаныбарлар дүйнөсүнө жана башкалар ушундай сыяктуу болгон өздөрүнүн түшүнүктөрү, ой жүгүртүүлөрү, билими болгондугуна «Манас» эпосу күбө болот. Кыргыз элинин тарыхын изилдөөдө «Манас» эпосу этнографиялык булак катары маанилүү орунда турат.


Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах. - Бишкек: Главная редакция Кыргызской энциклопедии, 2002. = Стр. 499. (Asanov U.A., Jumanazarova A.Z., Chorotegin T. Kyrgyzskaya nauka v litsakh (The Kyrgyz Science In Faces). - Bishkek, Main Editorial Board of the Kyrgyz Encyclopedy, 2002. P. 499.) - ISBN 5-89750-142-4.
  • Вопpосы этнической истоpии киpгизского наpода / Отв. ред. О.К.Караев, И.Б.Молдобаев. — Фрунзе: Илим, 1989.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Исраилова-Харьехузен Чинара Рыскулбековна. Традиционное общество северных киргизов во второй половине XIX века и система их родства : Дис. ... канд. ист. наук : 07.00.07 : Москва, 2002 309 c. РГБ ОД, 61:03-7/268-8
  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.
  • Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5.
  • Мамбеталиева, Какен. Быт и культура шахтеров-киргизов каменноугольной промышленности Киргизии. – Фрунзе: Изд-во АН Киргизской ССР, 1963. – 122 с.
  • "Манас" энциклопедиясы / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Чоротегин Т.К. Этнические ситуации в тюркских регионах Центральной Азии домонгольского времени: По мусульманским источникам IX-XIII вв. - Бишкек: Фонд "Сорос-Кыргызстан", 1995. - 208 с. (Научный редактор Б.А.Ахмедов).
  • Итс Р. Ф. Введение в этнографию: Учебное пособие.- Л.: Издательство Ленинградского университета, 1991.
  • Н. Н. Чебоксаров, И. А. Чебоксарова. Народы, расы, культуры. М.: Наука 1971
  • Токарев С. А. История русской этнографии. М.: Наука, 1966.
  • Токарев С. А. Истоки этнографической науки. М.: Наука, 1978.
  • Токарев С. А. История зарубежной этнографии. М.: Высшая школа, 1978.
  • Токарев С. А. Этнография народов СССР. Исторические основы быта и культуры. М.: МГУ 1952
  • Бромлей Ю. В. Этнос и этнография. М.: 1973
  • Пименов В. В. Основы этнографии: программа дисциплины. М.: МГУ 1988.
  • Пименов В. В. Основы этнологии: Учебное пособие Archived 2010-11-20 at the Wayback Machine. М., МГУ 2007.
  • Этнография. Ю. В. Юромлей, Г. Е. Марков. М, МГУ 1982
  • Громов Г. Г. Методика этнографических экспедиций. — М. 1966.
  • Тишков В. А. Реквием по этносу: исследования по социально-культурной антропологии. М.: Наука 2003.
  • Chorotegin T. (Tchoroev). Historiography of Post-Soviet Kyrgyzstan, in: International Journal for Middle East Studies, 2002, Vol. 34, p. 351-374 (USA); (2002 Cambridge Un-ty Press 0020-7438/02 ).
  • Agar, Michael (1996) The Professional Stranger: An Informal Introduction to Ethnography. Academic Press.
  • Clifford, James & George E. Marcus (Eds.). Writing Culture: The Poetics and Politics of Ethnography. (1986). Berkeley: University of California Press.
  • Douglas, Mary and Baron Isherwood (1996) The World of Goods: Toward and Anthropology of Consumption. Routledge, London.
  • Erickson, Ken C. and Donald D. Stull (1997) Doing Team Ethnography : Warnings and Advice. Sage, Beverly Hills.
  • Fine, G. A. (1993). Ten lies of ethnography. Journal of Contemporary Ethnography, 22(3), p. 267-294.
  • Geertz, Clifford. The Interpretation of Cultures.
  • Heath, Shirley Brice & Brian Street, with Molly Mills. On Ethnography.
  • Hymes, Dell. (1974). Foundations in sociolinguistics: An ethnographic approach. Philadelphia: University of Pennsylvania Press.
  • Kottak, Conrad Phillip (2005) Window on Humanity : A Concise Introduction to General Anthropology, (pages 2–3, 16-17, 34-44). McGraw Hill, New York.
  • Marcus, George E. & Michael Fischer. Anthropology as Cultural Critique: An Experimental Moment in the Human Sciences. (1986). Chicago: University of Chicago Press.
  • Miller, Daniel (1987) Material Culture and Mass Consumption. Blackwell, London.
  • Spradley, James P. (1979) The Ethnographic Interview. Wadsworth Group/Thomson Learning.
  • Salvador, Tony; Genevieve Bell; and Ken Anderson (1999) Design Ethnography. Design Management Journal.
  • Van Maanen, John. 1988. Tales of the Field: On Writing Ethnography Chicago: University of Chicago Press.
  • Westbrook, David A. Navigators of the Contemporary: Why Ethnography Matters. (2008). Chicago: University of Chicago Press.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттар: - Түрк, Моңгол