Липари аралдары

Википедия дан
Липари аралдары.
Стромболи (2004).

Липари аралдарыТиррен деңизиндеги жанартоодон пайда болгон аралдар тобу, Сицилиядан түндүк тарапта; Италиянын аймагы. Жети ири аралдан (Липари, Салина, Вулькано, Стромболи, Филикунди, Аликуди, Панареа) жана 10 майда аралдан турат. Жалпы аянты 117 км2. Базальттуу лава жана туфтардан түзүлгөн. Вулькано жана Стромболи аралдарында аракеттеги жанартоолор жайгашкан (бийиктиги 926 мге чейин). Анжир, жүзүм өстүрүлөт, зайтун токою бар. Шарап чыгаруу өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7