Генуя

Википедия дан
Генуя.

Генуя (Genova) — Түндүк Италиядагы шаар. Генуя булуңунун жээгинде жайгашкан. Италиядагы жана Жерортолук деңиздеги ири порттордун бири (2005-ж. 56,5 млн о жүк ташылган). Швейцария жана Түштүк Германиянын аванпорту. Генуя провинциясынын жана Лигурия облусунунун административдик борбору. Калкы 599 миң (2006). Өлкөдөгү ири темир жана автомобиль жолдор тоому. Х. Колумб атындагы эл-аралык аэропорту бар. Шаар спутниктери менен бирге «Чоң Генуя» агломерациясын түзөт. Специя порту менен паром аркылуу байланышат. Металлургия, машина куруу, нефть ажыратуу, химиялык, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Унмверситет (1471), 10дон ашык ил. коомдор, ассоциациялар жана инстититуттар, обсерватория, музейлер (андан ичкери Европадагы эң ири Чыгыш искусство коллекциясы; 1905), ушул шаарда туулган X. Колумб, Н. Паганини, Ж. Мадзининин үй-музейлери, заманбап искусство жана Палаццо Россо, Бьянко, Реале галереялары, театрлар (андан ичкери «Атенео», «Карло Феличе»), консерватория жана башка бар. Байыртадан лигурилердин тургун жайы. Роман стилиндеги Санта-Мария ди Кастелло чиркөөсү (11-к.), роман-готика стилиндеги собор (11-16к.), 16-17-кылымдын сарайлары, виллалары тектирчедеги парктары менен, шаар дубалдарынын калдыктары, дождор аксарайы (учурда музей) сакталган. Генуядагы көптөгөн фонтандар жана эстеликтер (X. Колумб, Ж. Гарибальдинин) шаардын көркүнө көрк кошуп турат. Порт комплексинен батышта өнөр жай зонасы, чыгышта курорттор, түндүк-чыгышта 19-кылымдын курулуштары жайгашкан; туристтик реакрация зонасы шаардын деңиз жак жээги менен фуникулёр аркылуу байланышат. Эл-аралык скрипачтар конкурсу («Премио Паганини», 1954-жылдан жыл сайын), калактуу кемелердин жана яхтсмендердин эл-аралык жарышы (төрт жылда бир), X. Колумбдун урматына майрамдар өткөрүлүп турат. Чоң Генуяга чыгыштан Чинкуэ-Терре табигый коругу (жерортолук деңиздик флора жана фауна, байыркы жасалма тектирчелердеги жүзүмчүлүк) туташат, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]