Мазмунга өтүү

Турин

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Турин
Желек Герб
Желек Герб
Пьемонт облусуИталия
Координаттар45°04′15″ с. ш. 7°41′04″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшүТурин метрополитен шаары
МэрСтефано Ло Руссо
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги239 м
Климатынын түрүЖер ортолук деңиз климаты менен континенттик климаттын аралашмасы
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Расмий тилиИталян тили
Калкы843 241 адам (2023)
Агломерация1 700 000
Улуттук курамыИталиялыктар, румындар, марокколуктар, албандыктар, кытайлар
Диний курамыКатолицизм, башка
ЭтнохоронимТуриндиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+39 011
Почта индекси10100
Автоунаа кодуTO
Сайты[https://www.comune.torino.it шилтеме]  (итал.)
Турин (Италия)

Турин (лат. Augusta Taurinorum, итал. Torino [toˈriːno] ) — Италиянын түндүгүндөгү ири шаар, Пьемонт облусунун жана Турин метрополитен шаарынын административдик борбору. Шаар По жана Дора-Рипария дарыяларынын кошулган жеринде жайгашкан.

2010-жылкыга карата 860,0 миң киши жашайт.

Турин шаарынын тарыхы бай жана терең. Император Августтун мезгилинен тартып Рим империясынын ээлигине өткөн. 1563–1720-жылдары Савой герцогдугунун, 1720–1861-жылдары (мезгил-мезгили менен) Сардиния королдугунун, ал эми 1861–1865-жылдары Италия Королдугунун борбору болгон.

Шаар Италиянын эң өнүккөн индустриалдык шаарларынын бири. Шаарда төмөнкү тармактарда ири ишканалар жайгашкан:

  • Автомобил куруу: FIAT автоконцерни жана анын көптөгөн туунду заводдору
  • Авиа куруу жана айыл чарба техникасы
  • Электроника, анын ичинде аскерий приборлор
  • Химия жана дары-дармек өндүрүшү
  • Текстиль, тамак-аш жана басма өнөр жайы

Шаар Италиянын саркеч мода индустриясынын да маанилүү борбору болуп саналат.

  • Музейлер: Шаардык көөнө искусство музейи, Египет музейи, сүрөт галереялар
  • Архитектуралык эстеликтер: Турин собору (15–18-к.), Сан-Лоренцо чиркөөсү (17-к.), Суперга базиликасы (18-к.)

1997-жылы Реале, Кариньяно, Мадама ак сарайлары жана Валентино сепили ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4