Милан
| Отурукташкан жай
Милан
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Милан (итал. Milano [miˈlaːno] ) – Түндүк Италиядагы шаар. Падан түздүгүндө жайгашкан. Милан провинциясынын жана Ломбардия областынын административдик борбору. Өлкөнүн маанилүү экономикалык жана маданий очогу.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2023-жылдагы эсептөөлөр боюнча Милан шаарында 1 370 000ден ашуун адам жашайт. Бул Италиядагы Римден кийинки экинчи эң калктуу шаар болуп эсептелет.
Милан — экономикалык жана маданий борбор катары ички жана тышкы миграциянын активдүү багыты болгондуктан, бул жерде ар кыл улуттардын өкүлдөрү жашайт. Шаар көп улуттуу мүнөзгө ээ, айрыкча Европанын, Азиянын, Африканын жана Түштүк Американын өлкөлөрүнөн келген мигранттардын саны өсүп келет.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Милан шаары биздин заманга чейинки (б.з.ч.) 5-кылымдын аягында же 4-кылымдын башында инсубрлар тарабынан негизделген. Б.з.ч. 3-кылымда Рим империясы тарабынан басып алынган. Шаар 1395–1535-жылдары (мезгил-мезгили менен) Милан герцогдугунун, ал эми 1815–1859-жылдары Ломбардино-Венеция королдугунун борбору болгон.
Миланда тарыхый жана архитектуралык эстеликтерден төмөнкүлөр сакталган:
- 9–15-кылымдарга таандык Сант-Амброжо чиркөөсү,
- 14–19-кылымдарда курулган готика стилиндеги Милан собору,
- 1450-жылы негизделген жана учурда музей катары колдонулган Кастелло Сфорцеско сепили,
- 15-кылымга таандык Санта-Мария делле Грацие кечилканасы, анда Леонардо да Винчинин «Акыркы кечки тамак» фрескасы жайгашкан.
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Альп тоолору аркылуу өткөн ашууга кетүүчү жолдогу темир жана автомобиль жолдорунун тоому болуп саналат. Милан кеме жүрүүчү канал аркылуу По дарыясы менен туташат. Шаарда эл аралык аэропорт жана метрополитен иштейт. Шаардын экономикасында машина куруу (анын ичинде автомобиль, электр-техникалык жабдуулар), металлургия, мунай ажыратуу, химия, жеңил өнөр жай, тамак-аш жана полиграфия тармактары жакшы өнүккөн. Ошондой эле Миланда географиялык журналдар, карталар жана атластар чыгарылат. Бул шаарда Италиянын ири компанияларынын башкармалыктары, биржа жана банктар жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
| ||||||||||||||
