Мазмунга өтүү

Шаркыратма

Википедия — ачык энциклопедия

Шаркыратма – дарыянын нугу чулу тектерди кесип өткөн жеринде бийик кашатты пайда кылып, суусу тике ылдый агып түшкөн кашат тик эмес, айдөшүрөөк болсо шарлар же босоголор пайда болот.

Кээде дарыя суусу бир нече тепкичтен түшүп, шаркыратмалардын каскадын түзөт (мисалы: Ысык-Көлдөгү Барскон шаркыратмасы).

Дүйнөдөгү эң бийик шаркыратма – Венесуэладагы (Түштүк Америка) Чурун дарыясындагы Анхель шаркыратмасы (бийиктиги 1054 м).

Игуасу шаркыратмасы.