Мексика булуңу

Википедия дан
Мексика булуңу.

Мексика булуңуАтлантика океанындагы жартылай туюк деңиз; Түндүк Американын жээгинде. Флорида, Юкатан ж. а. менен Куба аралынын аралыгында. Аянты 1555 миң км2, суусунун көлөмү 2332 миң км3. Миссисипи дарыясы куят. Юкатан кысыгы аркылуу Кариб деңизи, Флорида кысыгы аркылуу Атлантика океаны менен туташат. Суу астындагы чуңкурдугунун тереңдиги 5203 мге жетет. Борбордук бөлүгүндө абиссаль плато, бийиктиги 300 мдей болгон дөбөлөр жайгашкан. Түндүгүнөн, түштүгүнөн жана чыгышынан жазы (250 кмге чейин) шельф курчайт. Түндүк-батыш шельфи нефтиге бай (Мексика булуңу нефть-газдуу бассейни). Климаты түштүгүндө тропиктик, түндүгүндө субтропиктик. Жааган жаан-чачынга (1000–1200 мм) караганда буулануу көп (1000–1750 мм). Жайында жана күзүндө катуу шамал (ураган) тез-тез болуп турат. Жайында суунун бетиндеги температурасы 29°С, тайыздыктарында 30–31°С; кышында түндүгүндө 18°Сден түштүгүндө 25°Сге чейин. Туздуулугу суу бетинде негизинен 36,0–36,9‰; 2000 мден терең суунун температурасы жана туздуулугу турактуу, алар 4,3°Сди жана 34,98‰ни түзөт. Мексика булуңуна Кариб деңизине кирген Юкатан агымынын ылдамдыгы 50–200 см/сек, Гольфстримдин башатын түзгөн Флорида агымынын ылдамдыгы 300 см/секга жетет, чыгымы 30 млн м3/сек. Шельфтерден балык (негизинен сельд-менхеден), устрица, креветка, лангусттар, деңиз ташбакасы, бүт акваториясында тон балыктар, акула кармалат. Негизги порттору: Жаңы Орлеан (АКШ), Веракрус (Мексика), Гавана (Куба).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]