Гавана

Википедия дан
Гавана.

Гавана - (La Habana) Куба Республикасынын борбор шаары; өлкөнүн экономикалык, илимийжана маданий борбору. Өз алдынча административдик бирдикти провинцияны түзөт. Куба аралынын Түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 2,2 млн (2006). Шаар аркылуу Альмендарес, Луяно жана Кохимар дарыялары агып өтөт. Өлкөнүн башкы порту (океан кемелери кире алат; контейнер терминалы). Хосе Марти эл-аралык аэропорту бар. Темир жана автомобиль жолдор тоому. Металлургия комбинаты, машина куруу (КамАЗ, темиржолу үчүн техникаларды), вагон жана кеме ремонттоо, нефть ажыратуу, Химиялык, фармацевтика, тамак-аш-татымал (ром), текстиль, булгаары-буткийим, полигр. өнөр жай ишканалары иштейт. Балкамыш жана цитрус өсүмдүктөрү иштетилет. Университет, илимий - изилдөө институттары (андан ичкери тропика медицинасы, гигиена, эпидемиология жана микробиология, кибернетика жана башка), ИА, дүйнөлүк экономиканы, демографияны жана деңизди изилдөө борборлору бар. 1515-ж. аралдын Түштүк жээгинде негизделип, 1519-ж. азыркы ордуна көчүрүлгөн. 16-кылымдынаягынан Куба аралындагы Испания ээлигинин административдик борбору. 1762-63-ж. Улуу Британия тарабынан, 1898-ж. Испания-Америка согушунда АКШ тарабынан басып алынган. 1902-жылдан Куба Республикасынын борбору. Гавана индей-сибондордун тилинде «чоң жаа» дегенди түшүндүрөт. Батыш жарым шардагы эң кооз шаарлардын бири. Шаардын тарыхый борбордук бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Улуттук музей, Э. Хемингуэйдин үй-музейи, театрлар, чиркөөлөр, монастырлар, 16-18-кылымдынархитектуралык курулуштары, андан ичкери кафедралуу аянт собору менен (18-к.) сакталган. Эл-аралык кино (1979-жылдан жыл сайын), балет (1960), жаз музыка фестивалдары, карнавалдар (жыл сайын январда) өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак, улуттук зоология багы, Экспо-Куба көргөзмө комплекси уюштурулган. 2002-ж. Куба спортунун 1-олимпиадасы өткөрүлгөн. Туризм өнүккөн (75ке жакын мейманкана бар). ЖЭС иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]