Гольфстрим

Википедия дан
Гольфстрим.

Гольфстрим (англиялык gulf – булуң жана stream– агым) – Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндөгү жылуу агымдар системасы. Флорида кысыгынын Түштүк бөлүгүнөн башталып, Мексика булуңунан агып чыгып, Түндүк Американын Атлантика океаны жак жээгин бойлой түндүктү карай Чоң Ньюфаундленд банкасына чейин агат да, андан ары Түндүк Атлантика агымы деп аталат. Флорида жарым аралынан Шпицберген, Жаңы-жер аралына чейинки жалпы узундугу 10 миң кмдей. Гольфстримдин Флорида кысыгындагы чыгымы 25 млн м3/сек. Океанда ал Антил агымы менен биригет да, 38° түндүк кеңдикте чыгымы 82 млн м3/секга жетет. Агымдын жазылыгы түштүгүндө 75 км, тереңдиги 700-800 м, ылдамдыгы 300 см/секга, суунун бетиндеги температурасы 24°Сден 28°Сге чейин, Чоң Ньюфаундленд банкасы тушта жазылыгы 200 кмге, ылдамдыгы 80 км/секга, суунун бетиндеги температурасы 10°Сден 20°Сге чейин жетет. Чоң Ньюфаундленд банкасынын Түштүк четинде гольфстримге түндүктөн муздак Лабрадор агымы жакындап, эки агым беттешкен жерде суу аралашып, үстүңкү суу төмөн түшөт. Гольфстрим системасына Түндүк Атлантика агымынан башка Норвег агымы, Ирмингер агымы, Нордкап агымы кирет. Гольфстримдин суусу Шпицбергендин түндүгүндө төмөн чөккөндөн кийин Түндүк Муз океанда аралык жылуу суу катмарын пайда кылат. Жылуу агымдардын системасы Атлантика океанынын түндүк бөлүгүнүн жана Түндүк Муз океандын климатына, гидрологиялык жана биологиялык шартына, ошондой эле Европанын климатына чоң таасирин тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]