Порт-о-Пренс

Википедия дан
Порт-о-Пренс.

Порт-о-Пренс (Pòtoprens) – Гаити Республикасынын борбору. Кариб деңизиндеги Гонаив булуңунун түштүк жээгинде, Гаити аралынын батышындагы ыңгайлуу бухтада жайгашкан. Климаты тропиктик пассаттык. Жыл бою температурасы 25°Сден 28°Сге чейин. Жылдык орточо жаан-чачыны 1500 мм. Калкы 785,2 миң (2010; агломерациясы менен 1,8 млн). Эл аралык аэропорту, аскер аэродрому бар.

Шаар француздар тарабынан порт катары 1749-жылы негизделген. 1770-жылдан Сан-Доминго француз ээлигинин, 1804-жылдан Гаитинин борбору. Шаар 1990-жылдан кризиске кабылган. Өлкөнүн ички саясий абалы борбордун өнүгүшүнө тоскоолдук кылып келүүдө. Учурда өлкөдөгү курч абалды ВУУнун жарандык полициясы жөнгө салат. Тамак-аш–татымал (кант, ром), текстиль, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Шаар амфитеатр формасында салынган. Ыйык Троица протестант собору, улуттук ак сарай, Нотр-Дам базиликасы, причал (француздар тарабынан курулган, 1780) сакталган. Университет, бир нече колледждер, сүрөт борбору (1944), театр, музейлер (анын ичинде улуттук пантеон, гаити элинин) бар. Шаардын четинде Ла-Сигадаль улуттук паркы жайгашкан. Туризм өнүккөн. Шаар 2010-жылкы жер титирөөдөн катуу талкаланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]