Аргентиналыктар

Википедия дан

Аргентиналыктар - улут, Аргентинанын негизги калкы. Бардыгы 32,3 млн киши (2005). Парагвай, Уругвай, Мексика, АКШ, Чилиде да жашашат. Испан тилинин аргентина диалектисинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү - католиктер. Аргентиналыктар 16-кылымда испан, кийин ар кошкон элдердин тукумдарынан куралган. Жергиликтүү индейлердин көпчүлүгү баскынчылардан кырылып жок болушкан, калгандары болсо тез эле башка этностук топтор менен аралашып кеткен. 19-кылымдын 60-70-жылдарында аргентина улуту пайда болгон. Аргентиналыктардын экономикалык маданий турмушунун өнүгүшүнө европалык иммигранттардын чоң таасири тийген. 1869-жылы калктын саны 1,9 млн болсо, 1914-жылы 7,9 млнго чейин өскөн жана анын этностук курамы өзгөрүлүп, калктын 30 %ин европалыктар түзүп калган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында жана согуштан кийин өнөр жайдын жогорулашына байланыштуу кыштактардан шаарга, өзгөчө Буэнос Айреске аргентиналыктардын массалык көчүп келүүсү күчөгөн. Калктын 80% шаарда жашайт. Кыштактагылар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк менен кесип кылышып, фермерлер бышкан кыштан салынган үйлөрдө, кедейлер арзан фанерден салынган ранчолордо жашашат. Улуттук кийими пончо, булгаары өтүк жана шляпа.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]