Индейлер

Википедия дан
Индейлер
Учурда жайгашкан ареалы жана саны

Бардыгы: 75 000 000
Мексика: 10,1 млн
Боливия: 7 млн
Перу: 6 млн
Гватемала: 5,4 млн
Эквадор: 3,4 млн
Америка Кошмо Штаттары: 2,5 млн
Колумбия: 1,4 млн
Канада: 1,2 млн
Бразилия: 700 000
Чили: 692 000
Аргентина: 600 000
Венесуэла: 524 000
Никарагуа: 443 847
Панама: 204 000
Парагвай: 95 235
Сальвадор: ~70 000
Калып:Өлкө желеги/Коста Рика: 60 000
Белиз: ~50 000
Пуэрто-Рико: ~20 000
Суринам: 5000

Тили

Индей тилдери

Индейлер – этностук топ, Американын (эскимостор менен алеуттардан башка) жергиликтүү калкы. Индейлер деген аталыш 15-кылымдын аягында Американы ачуучулардын (X. Колумб жана башкалар) жаңы табылган материкти Индия, анын элин Индейлер деген туура эмес түшүнгөндөрүнө байланыштуу келип чыккан. Индейлердин жалпы саны болжол менен 32-45 млн киши, андан ичкери АКШда 2 млн, Канадада 385 миң, Мексикада 8-15 млн, Гватемалада 5 млн, Парагвайда 4,5 млн, Эквадордо 3,7 млн, Перуда 7 млн, Боливияда 3,6 млн, Чилиде 0,8 млн жана Бразилияда 230 миң (2005). Индейлер АКШ жана Канадада англис жана француз, Түштүк Америка да испан жана португал тилинде сүйлөшөт. Индейлер европалыктар келгенге чейин шаманизм, тотемизм динин тутушса, кийин көпчүлүгү христиан (католик, протестант) динин кабыл алышкан. Индейлер соңку палеолит доорунда (болжол менен мындан 17-16 миң жыл мурда) Беринг кысыгы аркылуу Америкага келишкен түндүк-чыгыш азиялыктардын тукумдары. Индейлер аңчылык, жыйноочулук, балыкчылык, айрым аймактарда дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишип, жер төлөдө, үстү тери менен жабылган конус сымал алачыкта жана үйлөрдө жашашкан. Алар бугу, багыш, бизон терисинен жасалган кийим кийишип, кооздуктарды тагынышкан. Айрымдары белинен ылдый жамынгычтарды колдонушкан. Уруу башчысы башына бүркүт канатынан жасалган баш кийим кийип, айбан сөөгү, тиши Түндүк Америкалык индейлердин уруу башчысы. жана башкалардан жасалган кооздуктарды пайдаланып, денесине жана бетине сүрөт тарттырган. Тамак-ашы негизинен эт (этти кургатып майдалап, май менен аралаштырат), балык, жёлудь уну жана жержемиштер. Индейлердин дүйнөлүк маданиятка кошкон салымдары чоң. Алар эң жакшы архитектуралык эстеликтерди (мисалы, майялардын Тикаль, Копан, Чичен-Ице, Ушмал сыяктуу жүздөгөн шаар-мамлекеттери, храмдар жана башкалар), көркөм искусство жана элдик чыгармаларды жараткан. Дүйнө элдери Индейлерден картөшкө, помидор, жүгөрү, ашкабак, күн карама, патиссон, жер жаңгак, фасоль, какао, тамеки, кабакча, кешью, папайя, маниок өстүрүүнү үйрөнүшкөн. Европалык колониялаштыруу Индейлердин табигый өнүгүү жолдорун үзгүлтүккө учураткан. Түндүк Америкада Индейлердин көбү колонизаторлор тарабынан атылып, калгандары АКШ жана Канадага резервацияларга айдалган. АКШда Индейлердин көпчүлүгү америкалыктар менен ассимиляцияланып, шаарларда жана айылдарда жумушчу жана дыйкандардын катарын толуктаган. Түштүк Америкада Индейлердин көпчүлүгү кырылган, калгандары өздөрүнүн маданий-салттык үрп-адатын сактап калган жана өз укуктары үчүн талбай күрөшүп келген. 20-кылымдын ортосунан Индейлер этностук жана саясий өз алдынчалыкка ээ болуп, эне тили жана маданияты өнүгө баштаган. Учурда Латын Америка сында кечуа, аймара, ацтек, киче, какчпкелп, Юкатан майялары, маме, араукан, гуахиро, Түндүк Америка да түндүк атапаскалар, навахо, ирокез, чирок, оджибве жана башкалар индей элдери жашашат. Резервация аймактарында шаарлар пайда болуп, АКШ жана Канадада билим борборлору, коллеждер, Улуттук конгресс, Улуттук совет, Улуттук бир туугандык жана башкалар; ал эми Түштүк Америкада Индей элдеринин бүткүл дүйнөлүк совети жана башкалар көптөгөн эл аралык уюмдары түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]