Ашкабак

Википедия дан
Ашкабак
Илимий классификация
дүйнөсү: Өсүмдүк
уруусу: Cucurbita

Ашкабак (лат. Cucurbita, L., 1753) - өсүмдүктөрдүн ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык чөп өсүмдүгү. Дүйнө жүзүндө 20 түрү бар. Негизинен анын 3 түрүнүн (ири жемиштүү, катуу кабыктуу же кадимки жана мускат) мааниси чоң. Ири жемиштүүсүнүн сабагы узун, чырмалып же төшөлүп өсөт; жалбырагы жазы, гүлү коңгуроо сымал, өңү сары, жемиши чоң (40-50 кгдай), тоголок, боз же ак түстө, уругу саргыч же ак, сулпу, кабыгы жумшак. Ашкабактын тоют жана тамак-ашка пайдалануучу түрлөрү бар. Катуу кабыктуу же кадимки ашкабактын сабагы кырдуу, жалбырагы манжа сымал, тикендүү. Жемиши сүйрү, жалтырак, кочкул сары, сулпу саргыч, таттуу. Ашкабактын бардык түрүнүн гүлү айрым жыныстуу, кайчылаш чаңдашат. Мускат, Кашгар-1644 сорттору өстүрүлөт. Ашкабакта кургак заттар, түрдүү кант, С витамини, каротин жана башка; уругунда май болот. Ашкабактын уругу менен жемиши дарылыкка колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1