Резервация

Википедия дан

Резервация (лат. сактоо) - өлкөнүн аз сандуу түпкү калкын (АКШнын индейлери, Австралиянын аборигендери ж.б.) же башка топторду жайгаштыруу үчүн атайын бөлүнгөн аймак.

Резервацияда өзгөчө режим орнотулат, ал расалык жана улуттук дискриминациянын бир формасы болуп саналат. Резервациянын социалдык ролу кыйла карамааршылыктуу: баштапкы учурда ал түпкү этносторду сырткы, бузгуч күчтөрдөн сактоо максатында түзүлгөн.

Бирок, турмуш көрсөткөндөй, резервациялардын айрымдарында аборигендер белгилүү даражада салттуу жашоо ыңгайын сактап турса, башкаларында урук-уруу байланыштарын жоготкон, отурукташып жашоого өтүшкөн. Резервациялар эл аралык соопчулук уюмдардан жөлек пул алып турушат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.