Ирокездер

Википедия дан

Ирокездер, ирэкуой, ирокуа – 1) АКШ (Нью-Йорк жана Оклахома штаттары) жана Канадада (Онтарио жана Квебек провинциялары) жашаган индей элдеринин тобу; 2) Ирокездер (өздөрүн ходеносауни деп аташат) АКШ (Нью-Йорк жана Оклахома штаттары) жана Канадада (Онтарио жана Квебек провинциялары) жашаган индей урууларынын тобу. Жалпы саны АКШда 353, 8 миң (2000), ал эми Канадада 49,7 миң киши (2000). Ирокез, ошондой эле англис тилинде сүйлөшөт. Ирокездер христиан (протестанттар, католиктер) динин тутканы менен көпчүлүгү табигый күчтөргө сыйынышат. Алар дыйканчылык жана аңчылык менен кесиптенишкен. Байыркы убакта энелик-уруулук коомдук түзүлүштө жашашкан. 15–16-кылымдарда ирокездердин уруулар (сенека, каюга, онондага, онейда, могауки) союзу түзүлгөн. Союз Европа мамлекеттеринин Түндүк Америкага үстөмдүк орнотуу үчүн жүргүзгөн колониялык согуштарында (17–18-кылым) зор роль ойногон. 18-кылымдын аягында союз АКШ аскерлери тарабынан талкаланып, ирокездер АКШ жана Канадага резервацияларга көчүрүлгөн. Учурда ирокездер айыл чарба, курулуш жана өнөр жайында иштешет. Ирокездерде аялдар бийик статуска ээ, туугандашуу энелик тарап боюнча аныкталат. 1971-ж. Канадада ирокездер ассоциациясы түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]