Майя

Википедия дан

Майя – Белис, Сальвадор, Гондурастын батыш аймактарында, Гватемалада, Түштүк Мексикада (Чьяпас, Кампече, Юкатан, Кинтана-Роо жана Табаско) жашаган индей элдеринин тобу. Саны 7 млн киши (2012). Майя-киче уясындагы тилде, бир аз бөлүгү испанча сүйлөйт. Дини католик, христиан динине чейинки ишенимдердин калдыгы да сакталган. Майялар байыркы Майя цивилизациясынын тукумдары. Майялар биздин заманга чейинки Ламанай (Белиз), Эль-Мирадор жана Накбе (Гватемала), биздин замандын Теотиуакан, Тикаль, Чичен-Ица, Ушмаль, Коба ж.б. сыяктуу 100дөн ашык таш имараттуу шаарларды курушкан. Майя шаарларында кол өнөрчүлүк, соода-сатык өнүгүп, искусствосу жана архитектурасы дүркүрөп өскөн. Математика, медицина, астрономиядан түшүнүгү болуп, өздөрүнүн жашоосунда иероглиф жазмасын колдонушкан. Майялардын дыкаттык менен иштеп чыккан календарын Борбордук Американын башка элдери да пайдаланган. Бирок испандардын басып алышынан улам (16-кылым) Майянын байыркы маданияты кыйраган. Майялардын кээ бир шаарлары жана объектилери Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген: Мексикадагы Ушмаль, Чичен-Ица, Паленке, Гватемаладагы Тикаль жана Киригуа, Гондурастагы Копан, Сальвадордогу Хойя-де-Серен. 20-кылымдын 80-жылдарында Майя маданиятынын 1000дей шаар, 3000дей шаар тибиндеги турак жайларынын урандылары табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]