Кечуа

Википедия дан

Кечуа, кичуа – Түштүк Америкадагы индей элдеринин бири. Перу, Боливия, Эквадор, Колумбия, Түндүк-Батыш Аргентина жана Түндүк Чилиде жашашат. Жалпы саны 10 млн киши (2008). Кечуа тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү католиктер. Инктер мамлекетинин пайда болушу Кечуа урууларынын этностук жактан биригишине түрткү берген. Колониялык мезгилдин (19-кылымдын 1-чейреги) аягында Кечуа эл болуп калыптанып, маданияты өнүккөн. 19-кылымдын 70-жылдары Кечуалар шаарларга (негизинен Лима шаарына) көчө баштаган. Негизинен айыл чарбасында иштеп, айрымдары кол өнөрчүлүк кылышкан. Эркектери тизеге чейин кыска шым, кыска күрмө жана кездемеден тигилген пончо, башына фетр калпак же жүндөн токулган шлем (чульо), бутуна тери бут кийим кийишет. Аялдар кабатталган юбка кийип, ийиндерине оромо жамынып, темир, таш, сөөк жана үлүлдөн жасалган кооздуктарды тагынышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]