Костарикалыктар

Википедия дан

Костарикалыктар (costarricenses, costarriqueños, ticos) — неороман эли, Коста-Риканын негизги калкы. Башка өлкөлөрдө да жашашат.
Жалпы саны 5 млн адам.
Европалыктардын тукумдары калктын 3/4 бөлүгүн түзөт. Алардын ата-бабалары 16-18-кылымдарда Испаниядан (галисиялыктар, басктар, арагондуктар) көчүп келишкен. Испан-индей метистери (ладино) калктын 13%ти түзөт. Алар Тынч океандын жээгинде жашашат. Негрлер жана мулаттар — 8%. Алар Антиль аралдарынан алынып келинген кулдардын тукумдары. Индейлер (чибча, чоротега ж.б.) — 2,5%.


ТИЛ

Испан тилинде (жергиликтүү вариантында) сүйлөшөт. Коста-Риканын испан тили Латын Америкасынын испан тилинин башка варианттарынан айырмаланат. Коста-Рика испан тилинин лексикасында индей тилдеринен кирген сөздөр аз. Тилде «-ico, -tico» сыяктуу кичирейтүүчү суффикстер көп. Ошол себеп менен костарикалыктарды «тикос» деп аташат.
Кариб деңиздин жээгинде жашаган негрлер жана мулаттар англисче (ямайка вариантында) сүйлөшөт.


ДИН

Ишенгендердин басымдуу көпчүлүгү католиктер. Бир аз протестанттар бар (негрлер жана мулаттар).


ЧАРБАЧЫЛЫК ИШТЕР

Айыл жеринде калк плантация чарбасы менен алектенет. Кофе, банан, кант тростниги, ананас (2019 жылы экспорт боюнча дүйнөдө биринчи орун ээлеген), какао, жүгөрү өстүрүшөт.
Шаар тургундары тамак-аш жана текстиль өнөр жайында, ошондой эле туризм тармагында эмгектенишет.


КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК

  • Карапачылык.
  • Токуу.
  • Өрүү.
  • Жыгач иштетүү
  • «Ырдоочу» дөңгөлөктөрү менен бийик оюлуп боёлгон арабаларды жасоо.

Кол өнөрчүлүктүн келип чыгышы жарым-жартылай индей маданияты менен байланыштуу.


САЛТТУУ КИЙИМ

Аялдардын салттуу кийими — боо манжеттери менен жапыз блузка, узун жана кенен юбка, моюн орогуч. Эркектердики — түстүү көйнөк, галифе сымалдуу шым, бийик өтүк, моюн орогуч, саман шляпа.


МАДАНИЯТ

Костарикалыктарда фольклор, уламыштар, элдик ырлар (бомбас) чагылдырылган. Улуттук бий — пунто, гитара менен маримбанын коштоосунда аткарылат (ксилофондун бир түрү).
Шаарлардагы борбордук аянттардагы жумалык майрамдар (ретретас) жана шаар четинде пикниктер (мальчокас) популярдуу. Пикниктерде бий, ат чабыш, короз уруш, коррида (бука уруш) уюштурулат. Корридага бардык каалоочулар катышат. Мүйүзү кесилген бука өлтүрүлбөйт – ага кол менен гана тийүү керек.
Карнавалдар өткөрүлөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]