Эскимостор

Википедия дан
Эскимостор (Аляска).

Эскимостор - эл, Чукотка (Россия) крайынын чыгышы жана Гренландия менен Нунавутадан (Канада), Аляскага (АКШ) чейинки аймактарда жашаган жергиликтүү калк.

Саны 170 миң киши (2010), а. и. АКШда 55 942, (Аляскада 47 783, Калифорнияда 1 272, Вашингтондо 1 204), Канадада 50 480 (2010). Нунавутта 24 640, Квебекте 10 190, Ньюфаундленд жана Лабрадордо 4 715, Түндүк-Батыш аймактарда 4 165), Гренландияда 50 000, Данияда 18 563, Россияда 1 738 (Чукотка автономия округунда 1 529, Магадан областында 33. Эскимос тилинде сүйлөшөт. Анимизм, шаманизм жана христиан диндерин тутушат. Э. антропол. жактан монголоид раеасынын арктикалык тибине (арктическая раса) кирет. Алардын негизги аталышы - «инуимттер». «Эскимос» (эскиманциг - «чийки балык жегендер») деген сөз индей урууларынын (абенактар жана атабаскалар) тилине таандык. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягында Беринг деңизинин аймактарында этнос катары калыптанган. Э. морж жана бугу терисинен цилиндр үлгүсүндө жасалган, ажыратылма чатыр-яранга же алачыктарда жашашып, деңиз айбандарына (кит, морж, тюлень ж. б.), ошондой эле түндүк бугуларына, тоо эчкилерине аңчылык кылышкан, балык уулашкан, мөмө жыйнашкан. Алгач гарпун, найза, кайыш тор ж. б., 19-кылымдын ортосунан атма куралдарды колдонушкан. Итти унаа катары пайдаланышат. Э. негизинен нерпа жана бугу терисинен тигилген кийимдерди кийишип, эркектери эринин, аялдары бетин жана колун татуировкалайт. Негизги тамак-ашы - эт (бугу, тюлень, кит), өсүмдүк тамыры жана жалбырактары, дениз капустасы, моллюскалар жана жер-жемиштер. 1930-жылдары Э-до промысел чарбалары уюшулган. Сабаттуулук жоюлуп, интеллигенция калыптанган. Азыркы учурда Эскимостордо улуттук аң-сезимдин жогорулоосу байкалууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4