Улуу көлдөр

Википедия дан
Улуу көлдөр

Улуу көлдөр - АКШ менен Канаданын аймагындагы чоң көлдөрдүн (Жогорку көл, Гурон, Мичиган, Эри, Онтарио) тобу. Аянты 245,2 миң км2, суу көлөмү 22 725 км3.

Жер шарындагы тузсуз суунун ири чогундусу. Көл чуңкурдуктары тектоникалык кыймылдан пайда болуп, мөңгүнүн аракетинен калыптанган. Көлдөрдө арал көп. Бардык көлдөр бири бири менен байланышта. Ниагара дарыясы Эри менен Онтариону туташтырып, Ниагара шаркыратмасын пайда кылат. Онтарио көлүнөн Ыйык Лаврентий дарыя агып чыгат. Декабрдан апрелге чейин жээгине муз тоңот. Эри көлү канал аркылуу Огайо жана Гудзон дарыяларынын системалары менен, Мичиган көлү Иллинойс дарыясынын системасы менен байланышат.

Улуу көлдөрдүн ички суу жолунун уз. 1870 км (Жогорку көлдөгү Дулут портунан Ыйык Лаврентийдин башталышына чейин); Сент-Мерис дарыясынын босоголорун жана Ниагара шаркыратмасын айланып өткөн шлюздуу каналдар бар. Ыйык Лаврентий дарыясынын босоголуу бөлүктөрүн айланып өтүүчү каналдар 1959-ж. реконструкцияланып, Улуу көлдөрдөн Атлантика океанына түз суу жолу (уз. 3000 км) салынган.

Негизги порттору: Дулут, Милуоки, Чикаго, Толидо, Кливленд, Эри, Буффало (АКШ), Порт-Артур, Форт-Уильям, Торонто (Канада).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.