Мексика тайпак тоосу

Википедия дан
Мексика.

Мексика тайпак тоосу Түндүк Америка Кордильерасынын ички алкагын түзөт. Басымдуу бөлүгү Мексикада, ошондой эле АКШнын түштүгүндө жайгашкан. Ири бөксө тоолордон жана аны чыгышынан, батышынан жана түштүгүнөн курчаган Чыгыш Сьерра-Мадре, Батыш Сьерра-Мадре, Тууралжын Жанар тоолуу Сьеррадан (мындагы негизги аракеттеги жана өчкөн жанар тоолору: Орисаба, Колима, Попокатепетель, Истаксиуатль, Парикутин ж. б.) турат. Түндүгү акырындык менен Улуу түздүктөргө жана Колорадо платолоруна өтөт. Басымдуу бийиктиги 1000– 1200 м, эң бийик жери 5700 м (Орисаба жанар тоосу). Ички бөлүгүн Түндүк Меса жана Борбордук Меса платолору ээлейт. Негизинен аки таш теги, кумдук, мергель тоо тектеринен түзүлгөн; лава жана аллювий-делювий чөкмөлөрү да кездешет. Түстүү жана асыл металлдардын кендери бар. Климаты тропиктик, түштүк бөлүгүнүкү Мексика булуңунун жайкы пассатынын таасиринен жумшак, нымдуу, түндүгүнүкү кургакчыл, континенттик. Айлык орточо температурасы 9–14°Сден 15– 20°Сге (минимуму –20°Сге) чейин. Жылдык жаан-чачыны Түндүк жана ички аймактарында 200–400 ммден, тоолорунун тышкы капталдарында 2000–3000 ммге чейин. Түндүгүндө суулары убактылуу агат, ири дарыясы – Кончос. Түштүгүндөгү дарыялардын суусу мол, көлү көп. Кургакчыл түндүгүнүн топурагы жөнөкөй, көбүнчө үбөлөнүүдөн аз өзгөргөн гипстүү жана карбонаттуу катмарлардан турат. Түштүгүндө алар акырындап тоонун боз, бозомук-күрөң, тропиктик өскүлөң саваннанын күрөң жана кызыл топурактарына өтөт. Тайпак тооонун түштүгүндөгү басымдуу бөлүгүндө жана четки кырка тоолордо тоонун күрөң топурактары басымдуу. Өсүмдүктөрүнүн 8 миңден ашык түрү – эндемиктер. Түндүгүндөгү кактус (500дөй түрү бар), агава (140 түр), юкка, тикендүү бадалдар өскөн сейрек токой, түштүгүндө кылкандуу өсүмдүктүү жана акация, амарант, индиго ж. б. өсүмдүктөрдөн турган сейрек токойлуу саванна менен алмашат. Түштүк бөлүгүндөгү айдарым капталдарын нымдуу тропик токою ээлейт. Деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикке чейин жазы жылбырактуу токой (дайыма жашыл эмен, чынар ж. б.) басымдуу. 1000–2000 м бийиктиктердин аралыгын ээлеген аралаш токой жогорулаган сайын ийне жалбырактуу токой (кызыл жана көк карагай) менен алмашат. 4000–4500 м бийиктик аралыгына субальп жана альп шалбаасы мүнөздүү. Мексика тайпак тоосунун аймагында жалпысынан калк сейрек, түштүк бөлүгүнүн күрдүү өрөөндөрүндө жана чуңкурчактарында Мексиканын калкынын жарымына жакыны отурукташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]