Түндүк Америка кордильерасы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Түндүк Америка.

Түндүк Америка кордильерасы - Кордильера пгоолорунун Түндүк Америка материгинин (Борбордук Америка менен кошо) батыш чети менен созулуп жаткан бөлүгү. Уз. 9 миң кмден ашык, туурасы 7300 кмден (Борбордук Америкада) 1600 кмте чейин (АКШда).

Түндүк Америка кордильерасы түрдүү геол. мезгилдерде, материктик жана океандык эки литосфералык плитанын чегинде калыптанып, структурасы да ар кыл; ал кембрийге чейинки мезгилдеги чулу массивдерди (Колорадо платосу, Аскалуу тоолордун айрым кырка тоолору), палеозой заманында пайда болгон чөкмө жана метаморфизмделген тоо тек бүктөлүштөрүн (Юкон жана Макензи тоо массивдери), мезозой батолиттерин (Жээк кырка тоосу, Сьерра-Невада), жанартоо жана вулканоген кабаттарын (Батыш кырчоосу) өзүнө камтыйт. Түстүү металлдар, сымап, алтын, нефть, таш көмүр кендери бар. Түндүк Америка кордильерасы узатасынан созулган 3 орогр. тилкени түзөт.

Чыгыш же Аскалуу тоолор тилкесине Брукс, Макензи тоолору, Аскалуу тоолор, Чыгыш Сьерра-Мадре тоосу кирет. Эн бийик жери 4399 м (Аскалуу тоолордогу Элберт чокусу). Baranı же Тынч океан тилкееи бийик аскалуу жа жанартоолуу кырка тоолордон турат; алардын ирилери: Аляска кырка тоосу (Мак-Кинли чокусу, бийикт. 6194 м, Түндүк Американын эң бийик жери), Алеут, Жээк кырка тоолору, Каскад тоолору, Сьерра-Невада, Батыш Съерра-Мадре, Тууралжын жанартоолуу Съерра, Түштүк Сьерра-Мадре тоолору. Батыш четинде тоо тизмеги тармактарга ажырап, жээктеги аралдар системасын (Ванкувер а., Александр архипелагы ж. б.) пайда кылат. Ички тилкени, бийикт. 1000-2000 мте жеткен бөксө тоолор - Юкон платосу, Колорадо, Колумбия платосу, Фрейзер, Чоң Бассейн жана Мексика тайпак тоосу түзөт. Алар тектон. терең ойдуңдар (деңиз деңг. 83 м төмөн жайгашкан Ажал өрөөну ж. б.) менен бирибиринен бөлүнүп жатат.

Борбордук Америкадагы Кордильера тоолору терең ойдуңдар менен бөлүнгөн бир нече тоо догосунан турат: түндүк догосу - Аскалуу тоолордун жана Чыгыш Сьерра-Мадренин, түштүк догосу - Түштүк Сьерра-Мадренин уландысы; 3-догосу - Жанартоолуу Сьерра-Мексика менен Гватемаланын чек арасына жакын башталып (Тахумулько жанартоосу, бийикт. 4217 м, Борбордук Американын эң бийик жери) Панаманын батышынан бүтөт; бул тилке орогр. жана структуралык жактан Түштүк Американын Анд тоолоруна өтүп кетет. T. A. К. 5 климаттык алкакта (арктикалык, субарктикалык, мелүүн, субтропиктик, тропиктик) орун алып, түндүктөн түштүккө карай абанын температурасы жана жаан-чачындын саны кескин түрдө айырмаланат. Тынч океанды караган батыш капталдарынын климаты жумшак, океандык, ички аймактарыныкы - континенттик. Мөңгүлөрү негизинен Аляскада жана Батыш Канадада жайгашкан, алардын жалпы аянты 67 миң км2. Кордильерадан Түндүк Американын ири дарыялары - Юкон, Макензи (ПисРивер), Миссури, Колумбия, Колорадо, РиоГранде башталат.

Түндүк бөлүгүндөгү кырка тоолорунун капталдарын негизинен ийне жалбырактуу токой, ички бөксө тоолорунун түштүк бөлүктөрүн кургак талаа жана чөл ээлейт. Мексика тайпак тоосун курчап жаткан тоолордун сырткы капталдарында экватор тибиндеги дайыма жашыл токой өсөт. Борбордук Американын Кордильера тоолорунун Тынч океан жак капталдарында тропиктик жалбырагы күбүлмө токой, кургакчыл аймактарында жана ички ойдуңдарында тикендүү сейрек токой, кактус, саванка басымдуу. Мелүүн алкактагы токойлорун багыш, гризли аюусу, илбирс, пума ж. б. мекендейт. Тропик токойлорунда маймылдар, тапир, ягуар кездешет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4