Макензи тоолору

Википедия дан
Макензи тоолору.

Макензи тоолору, Маккензи – Канаданын түндүк-батышындагы кырка тоолор. Түндүк Америка Кордильерасынын чыгыш тилкесинин бир бөлүгү. Узундугу 700 кмдей. Бийиктиги 2469 мге чейин. Негизинен чөкмө тоо тектеринен турат. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары мүнөздүү. Капталдарын сейрек карагай токою жана тоо тундра ландшафты ээлейт. Шотландиялык саякатчы А. Макензинин урматына аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]