Батыш жарым шар

Википедия дан
Батыш жарым шар сары түс менен белгиленген
Батыш жарым шар

Батыш жарым шарГринвич меридианынын батышында жана 180-меридиандын чыгышында жайгашкан Жердин жарым шары[1]. Батыш жарым шардын меридиандары батыш узундугу деп белгиленет. Батыш жарым шарга Европадагы Гринвич меридианынын батыш тарабында жайгашкан бөлүктөрү (Исландия, Ирландия, Португалия, Испаниянын көпчүлүк бөлүгү, Франциянын бир бөлүгү), Африканын, Антарктиданын, Азиядагы Чукча жарым аралынын кээ бир бөлүгү, Атлантика океаны, Америка жана Тынч океанынын көпчүлүк бөлүгү кирет.

Саясий мааниде "Батыш жарым шар" деген сөз айкалышы, дүйнөнүн бир бөлүгү болгон Американын синоними катары колдонулат[2].

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Matching the map projection to the need (англисче)
  2. Western Hemisphere (англисче)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]