Ондатра

Википедия дан
Ондатра.

Ондатра (лат. Ondatra zibethicus) – кемирүүчүлөрдүн момолойлор тукумчасындагы сүт эмүүчү жаныбар. Дене узундугу 35 смге, куйругу 28 смге, салмагы 1,5 кгга жетет. Суу жээгинде жана сууда жашоого ыңгайланган. Куйругу капталынан жалпак, арткы буту сүзгүч жаргакчалуу. Жүнү калың (жыш) кара-күрөң, кара түстө, суу жукпайт. Эркегинин урук бези куут мезгилинде мускус затын бөлүп чыгарат. Ийин казып же камыш, чым көңдүү кыртыштан үй куруп жашайт. Ондатранын мекени – Түндүк Америка. Европага бир нече жолу алынып келинип, байырлаштырылган. Евразияга, ошондой эле Субарктикага чейин таралган. Кичи жана Алдынкы Азия, Моңголия, Кытай, Кореянын суу жыйылмаларында да көп. Кыргызстандагы чоң суулардын боюнда кезигет. Жылына 3–4 жолу 7–8ге чейин тууйт. Териси баалуу. Кээде плотина жана дамбаларга зыян келтириши мүмкүн. Ондатра – туляремия, паратиф ж. б. жугуштуу оорулардын козгогучтарын табигый алып жүрүүчүлөр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]