Мумбаи

Википедия дан
Мумбаи.

Мумбаи (1995-жылы чейин Бомбей) – Индиянын батышындагы шаар. Араб деңизинин жээгинде, Соллет аралында жайгашкан. Административдик жактан эки бөлүктөн – Түштүк Мумбаи (Арал шаар аталат) жана Шаар айланасы округунан турат. Экөө биригип, Чоң Мумбаи шаар корпорациясын түзөт. Өлкөнүн негизги өнөр жай, соода-финансы, экономикалык жана маданий борборлорунун бири. Махараштра штатынын административдик борбору. Калкы 12,5 млн (2011; шаар айланасы менен 18,4 млн); калкынын саны боюнча Индиядагы 2 ири порт (жылына 54,5 млн тга жакын жүк ташылат) жана дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бири.

Бомбей порту «Индиянын дарбазасы», ал аркылуу өлкөнүн сырткы деңиз соодасынын 1/ине жакыны, импорттун 1/и өтөт. Эл аралык аэропорту (Түштүк Азиядагы эң чоң; 24,3 млн жүргүнчү, 530,3 миң т жүк) бар. Дүйнөдөгү кебез-кездеме чыгаруучу Өнөр жайынын ири борборлорунун бири (жалпы Индия өндүрүшүнүн 1/ и). Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Өлкөнүн финансы-экономикалык борбору. Резерв банкы, монета сарайы (Индиядагы 4өөнүн бирөө), мамлекеттик жана жеке банктардын кеңселери, көптөгөн эл аралык компаниялардын өкүлчүлүктөрү, товар, фонд (1875; Азиядагы эң эски) жана пахта биржалары жайгашкан. Ар кыл машина, кеме, станок куруу, металл иштетүү, химия, текстиль, нефть-химия, полиграфия өнөр жайы өнүккөн жана күндөлүк керектелүүчү товарлардын бардык түрү чыгарылат. Неоготика стилинде салынган темир жол (карапа такталар колдонулган; 1878–76) жана Бомбей бухтасындагы Элефанта аралындагы үңкүр храмдар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Эки университет, институттар, Эл аралык индия киносу академиясы, музейлер, сүрөт галереясы иштейт. Кино өнөр жайы (Индиядан чыккан кинофильмдердин 2/сине жакыны) алдыңкы орунда. Мумбаинин качан негизделгени белгисиз.

Бомбей (1932).

1534-жылы аны португалиялыктар басып алган. 1661-жылы португалиялык хан кызы англис тилинде король Карл IIге турмушка чыкканда, жээктеги аралдар менен кошо сеп катары Англияга өткөн. 1668-жылы англис тилинде Ост-Индия компаниясына берилген. Мурун (1661жылдан) Мумбаи Британиянын Батыш Индиядагы башкы факториясы жана таяныч пункту болгон. 2008-жылы Мумбаиде бир нече жолу терракт (195 адам каза болуп, 300дөйү жабыркаган) болгон. Эки жылда бир кино, документ, кыска метраждуу, анимациялык фильмдердин фестивалы (1990жылдан) жана дерби (ат спорту, 1798-жылы алгачкы жарыш болгон; 2004-жылдан марафон) өткөрүлүп турат. Мумбаиге жакын жерде Тарапур АЭСи (кубаттуулугу 1400 МВт) курулган. Туризмдин (маданий-оюн-шоок, спорт, пляжда эс алуу) ири борбору. Ботаникалык бак уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]