Мазмунга өтүү

Иманалы Айдарбеков

Википедия дан
Иманалы Айдарбеков
Иманалы Айдарбеков
Желек
Желек
Кара-Кыргыз ревкомунун төрагасы
21-октябрь 1924 — 27-март 1925
Андан мурунку: Пост орнотулду
Андан кийинки: Абдыкадыр Орозбеков (Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун төрагасы)
Желек
Желек
Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы
1927 — 1929
Андан мурунку: Курманалы Кулумбаев
Андан кийинки: Ян Цимдин
 

Иманалы Айдарбеков (1894-жыл, Арчалы, Жетисуу облусу, Орусия империясы5-ноябрь 1938-жыл, Фрунзе, Кыргыз ССР, КСРБ) — Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекеттик жана коомдук ишмери, саясатчы. Кара-Кыргыз революциялык комитетинин төрагасы (1924-1925), Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы (1927-1929).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айдарбеков Иманалы 1894-жылы, азыркы Сокулук ооданынын Жап айылында, Солто элинин Күнтуу уруусундагы Сарбан тукумунда туулган. Атасы Айдарбек Турдин Күнтуу болуштугунда манап болгон. Иманалы Айдарбеков - өз заманынын билимдүү, жаңычыл көз караштагы, демилгелүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин бири болгон. Анын өмүр жолу улут маңдайына улуу бурулуш тагдыры жазылган кезге туш келди. Ал бүлүнгөн журтту жыйноо, арыган калкты асыроо, талаш аймактарды кайтарып алуу милдеттери жүктөлгөн татаал учурда жан аябай эмгек кылган. Иманалы Айдарбеков кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушуна, анын юридикалык жактан таанылышы жаатындагы иштердин башында турган. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Октябрь революциясы жеңген учурда кыргыз жергеси бытыранды, калкыбыз чачыранды болуп, анын түндүк аймагы Түркстандын Жети-Суу облусуна, түштүгү Сыр-Дарыя облусуна карап калган. Ошондон улам, жаңыдан калыптана баштаган улуттук интеллигенциянын алдыңкы тобу кыргыз кыйырын бириктирип, өз алдынча мамлекет түптөө демилгесин көтөрүп чыккан. Иманалы Айдарбеков ошолордун алдыңкы сабында болгон. Советтик Кыргызстандын тунгуч мамлекет башчысы Иманалы Айбарбековдун тагдыры бактылуу да, трагедиялуу да болду. Бактысы ушунда: анын ысмы улуттук улуу тарыхта жазылып калды. Ал эми трагедиясы ушу: заман каары андан кайып өткөн жок, 37-жылкы репрессия чалгысына кабылып, тагдыры тайкы мезгилдин курмандыгы болду. Иманалы Айдарбековго жалган жеринен «эл душманы» катары айып тагылып, 1938-жылы атууга өкүм кылынды. Азыр анын сөөгү Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов өңдүү замандаштары жана максатташтары менен бирге өзү туулуп-өскөн Жал айылынан анчалык алыс эмес жердеги «Ата-Бейитке» коюлган.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал алгач айылдык молдодон кат тааныган. 1909-ж. Бишкектеги айыл чарба техникумун бүтүргөн. Андан кийин Ташкендеги гидротехника мектебинен билим алган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1918–1920 жылдары Бишкек уезддик-шаардык кеңеш аткомунун, 1920–1921 жылдары Каракол уезддик ревкомунун мүчөсү. 1921–1923 жылдары Бишкек уезддик аткомунун төрагасы. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономия облусунун ревкомунун төрагасы. 1925–1926 жылдары Ташкенде «Орто Азия» кеңсесинде башкармалыктын мүчөсү болгон. 1927–29-ж. Кыргыз АКСРнин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары, 1930–31-ж. Кыргыз айыл чарба банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АКСР Юстиция эл комиссары, Кыргыз АКСРнин башкы сотунун төрагасы. Аксуу козголоңун, Нарындагы контрреволюциячыл көтөрүлүштү басууга катышкан. Жалган жалаа менен атылган. 1991-жылы сөөгү Атабейит көрүстөнүнө кайра коюлган.
Иманалы Айдарбековду

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]