Күнтуу
Күнтуу Солто бийдин үч баласынын тунгуч уулу.
Тагай бийдин кыбырасы (Эштек баатыр чон-атасы, Богорстон - бабасы). Атактуу биртуугандары Култуу жана Чаа. Кээбир тарых маалыматтарына таянса, болжолу 1588-1663 жылдары жашап өткөн.
Күнтуудан Токбай, Карамерген, Төрө (Тору), Кулболду, Жолболду, Байгана, Чоңмурун - жети уулу болуп, азыркы күндө Бишкектин түштүгү жана күн батыш тарабында (Сокулук жана Аламедин райондору) Ала-Арча менен Жыламыш сууларынын ортосунда, он эки айылда Токбай, Карамерген, Кулболду, Чонмурун, Дандыбай, Кашкабаш жана Сарбан аталыктарга таралып жайгашып турушат.
Күнтуу айылдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тарыхий жерлерин ээлеп, күнтуу эли Ала-Арча менен Жыламыш эки суунун ортосунда Күнтуу, Кызыл-туу, Арчалы, Кашкабаш, Токбай, Сарбан, Кайырма, Чон-Жар, Достук, Ысмайыл, Шалта, Байгелди, Жал.
Ошондой эле, Күнтуу тукумдары Таласта, Ошто, Жалал-Абадта, Көлдө, Жумгалда, Тогуз-тородо, Кеминде туруп калышкан.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Уламыш түрүндө эл оозунда сакталып келген сөзгө таянсак, Солто бий үч баласын Санчы сынчыга сынатканда, Күнтуу жөнүндө: «балдары улук, кыздары сулуу, аттары күлүк» болот деп айтылыптыр дешет. Чынында эле, санжыра жана башка эл тарыхында күнтуу элинен баатырлар жана жоокер адамдар көп чыккан. Алардын ичинен Карамерген баатыр, Бала Кутуйан, Кыдык балбан, Эр Бургө, Ашырбай баатыр, Орозду баатыр, Эр Аспек жана башкаларды атап айтса болот. Эл оозунда дагы айтылат, кыргыз-казактын жунгар-калмактарга каршы чон согушунда, күнтуунун уулдары аябагандай зор эрдик көргөзгөнү үчүн, казактын ханы Абылай күнтуу колунун башчысына кызыл байрак ыйгарган деп.
- Күнтуулардын урааны: Солто! Күнтуу! (эски урааны жалпы солтонукундай Каратал!).
- Тамгасы: Ай Тамга (жалпы солтонуку).
- Аталган баатырлардын көбү Байтик Канай уулунун замандаштары, достору жана санаалаштары болуп, көбүнчө аскерий жортуулдарына катышып, ысымдары тарыхта калып, күнтуу менен канай эли тыкыс байланышта болгонун далилдейт. Ар кандай аңыз уламыштарга карабастан, Байтик баатыр күнтуу биртуугандарын артыкча жакшы көргөн экен. Мисалы, Базаркул болуш күнтуу элин Тогузторого жаңы болуштук түзүү үчүн көчүрүп кеткенде, Байтик баатыр күнтуунун жетимсиреген айылдарын айланып буркурап ыйлаганын Апар байбичеси көргөнүн айтышат. Үч жылдан кийин кайтып келген калк дал ошол эле айылдарына жайгашкан, себеби Байтик баатыр башка элди ал жерлерге кондурткан эмес.
- Байтик баатыр каза болгондо айтылган кошоктон:
Көчүндө тууган элинде,
Көк булбулдай сайраган.
Күнтуу менен Канайга,
Көгөргөн агын суу элең.
Адам уулу жеткисиз,
Аскар тоонун бели элең.
Кас санаган душманга,
Каптап кетчү сел элең.
- Күнтуу эли ар заманда Чүй боорунда болуп жаткан тарыхий саясий процесстерде активдүү аралашып келген. Өз доорундагы атактуу инсандардын ичинен Базаркул болуш, Илебай болуш, Рысбек чечен, Жангазы халфа, Азамат чечен, Сарымсак бий, Сатыбалды бий, Сагымбай бий, Айдарбек Турдин, Толубай молдо жана ушуга окшогондорду атап кетсе болот.
- Жаңы доордогу инсандар: коомдук ишмер И.Айдарбеков, академик Б.Жамгырчинов, генерал С.Самсалиев, Данк орденинин толук кавалери Х.Исманов, академик С.Табышалиев, генерал К.Кожоналиев, генерал М.Бекбоев, генерал А.Алымкожоев жана башкалар.
- Ал эми сынчы айткандай, "күнтуу элинин кыздары айырмаланып, акжумал, сулуу, бойлуу жана мүнөздөрү токтоо, кыраакы, өзүнүн аялдык аруулугун сактаган, жашоо түйшүгүнө чымыр" деп мүнөздөлүп келишет.
- Ошондой эле, күнтуу элинде ат багуу-таптоо адаттары абдан өнүгүп, азыркы күндө ат менен байланыш спорт ойундары эл ичинде башкы орун ээлейт. Мисалы, Шабдан Жантай уулунун ашында жана ушуга окшогон чон кыргыз-казак жыйындарында, күнтуу элинин күлүктөрү биринчи келип баш байгелерди алып турган. Кийин деле, жаны кыргыз аттарын селекциялоо иштеринде күнтуу эли атактуу күлүк-аргымактарын берип бул ишке өзүнүн чон салымын кошкон.
- Азыркы күндө кунтуунун тукумдары, чыгаан уул-кыздары Кыргызстандын ар түрлүү тармактарында, өнөр-жай, медицина, аскер жана коопсудук кызматында иштеп көптөгөн жетишкендиктерге жетишкен.
Күнтуу элинен чыккан белгилүү инсандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кенжекара Калча уулу - Семетейчи, кыл кыякчы жана ырчы, үнүн фонографка жазган биринчи кыргыз, дандыбай уруусунан (1859-1929).
- Айдарбеков, Иманаалы - Биринчи болуп Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн (Кыргыз автономиясы түзүлгөнү тууралуу кайрылуу жасаган) (1884-1938).
- Жамгырчинов, Бегималы - Биринчи кыргыз элинин академиги, Кыргыз Улуттук Университетинин биринчи ректору (1915-1986).
- Самсалиев, Султаналы - Биринчи кыргыздын аскер генералы (генерал-майор), Кыргыз ССРнин Жогорку Кенешинин депутаты болуп 4 жолу шайланган (1920-).
- Термечиков, Шаршен - элдик куудул, ырчы (1896-1942).
- Абдраев, Мукаш - композитор, (1920-1979).
- Исманов, Хусаин - Биринчи жана жалгыз кыргыздан чыккан Данк орденинин толук кавалери, Улуу Ата Мекен согушунун ардагери (1924-1956).
- Табышалиев, Салмоорбек - Ири илимпоз, кандидаттык диссертациясын жактаган эң жаш кыргыз (23 жашында), Кыргыз Мамлекеттик Университетин эн жаш (32 жашында) жана эң көп (17 жыл) башкарган ректору, академик (1928-1993).
- Кутманалиев, Орозбек - Эл артист, акын, режиссер (1933-2005).
- Даникеев, Өскөн - Жазуучу, драматург (1934).
- Кулов, Бейшенаалы - Социалистик Эмгек Баатыры, атактуу малчы (1934).
- Абдыкалыков, Актан Арым Кубат - Режиссер, сценарист, сүрөтчү, актер, продюсер (1957).
- Сагинбаева, Динара - КР Саламаттык сактоо министри (1958).
- Бекбоев, Мэлс - Генерал-майор, Баткен согушунун баатыры, Коргоо министринин биринчи экс-орун басары (1952).
- Кожоналиев, Кубатбек - Генерал-майор, КР прокуратура жана коопсуздук кызматынын ардагери (1958).
- Алымкожоев, Асанбек - Генерал-майор, Баткен согушунун баатыры, КР Түштүк аскеринин экс-башчысы, Кыргыз Улуттук Гвардиясынын экс-башчысы (1957).
- Мусуралиев, Жолдошбек - Атактуу геолог (1944).
- Шаршенов, Ормон - Коомдук ишмер, КР Дин иштер комиссиясынын төрагасы (1942).
- Кучуков, Самарбек - КР Балык чарба департаментинин директору (1962).
- Шеримкулов, Кумушбек - Коомдук ишмер, КР "Легендарлуу парламентинин" депутаты, "Бишкекнан" ишканасынын төрагасы (1942).
- Осмоналиев, Медербек - Отставкадагы полковник, КР ичики иштер министрлигинин ардагери (1947).
- Райымбеков, Бейшенбек - Отставкадагы полковник, КР коргоо министрлигинин ардагери (1957)
- Жумагулов, Мурат - КР ичики иштер министрлигинин полковниги, атактуу тергөөчү (1963-2006).
- Сейдесембаев, Картанбек - Атактуу боксчу, биринчи спорт мастери, КР тренери (19..).
- Адыкулов, Алымгазы - Атактуу боксчу, КР тренери (1942).
- Адыкулов, Афтандил - Психология жана философия илимдеринин кандидаты (1957).
- Касымбеков, Тургунбек - Атактуу сүрөтчү, КР Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү (1946).
- Дубашев, Каныбек - Атактуу сүрөтчү, КР Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү (1956).
- Болжуров, Эркин - Атактуу сүрөтчү, фотосүрөтчү, КР кинематографистов Союзунун мүчөсү (1958).
- Осмоналиев, Кайрат - Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчиси; Дипломатиялык академисынын экс-проректору, КР Коопсуздук Комитетинин көзөмөлдөө кенешинин экс-төрагасы, Укук илимдеринин доктору, профессор (1973).
- Карагулов, Азамат - Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчиси (1973).
- Рысалиев, Токтогул - Опера ырчысы, Кыргыз Улуттук Филармониясынын артисти (1973).
Күнтуулар жөнүндө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Күнтуу элинин тарыхын, жашоо-турмушун биринчилерден болуп кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев "Бала Кутуйан" романында чагылдырган.
- Жалпы солто, күнтуу жөнүндө жазуучу Айылчы Токтогуловдун "Мезгил сапары" романында айтылган.
- Шаршен Термечиковдун батасынан: "О жараткан! Жалгай турганың чын болсо - жалпы кыргызга берегөр, жалпы кыргызга! Анын ичинде - солтого берегөр, солто ичинде - күнтууга берегөр, күнтуунун ичинде - токбайга берегөр, токбайдын ичинде Шаршенге берегөр!"
- Балдардын чикит ойунунан: “Акпай, Токпай, Ата-энеси жок бай, Карамерген, Кашка тай, Кулду кулду кулдубай, Кутуруп кеткен Дандыбай, Катыны өлгөң Боронбай”.
- (Акыя айтуудан): Менин атам сурасаң Арчалыга жайлаган. Сенин атаң сурасам Арпа ташып куураган.
Кызыктуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Казактын Ұлы жүз Дулат элинин Шымыр уруусунун ичинде Күнту деген уруу бар (Жамбыл областы).
- Казак аймактык сөздүгүнөн: КҮНТУУ (Орал, Шыңғ.) күн шығу (күн чыгуу; күн жаңы көтөрүлүп-көтөрүлбөй турган маалы).
- Көнөк жайлоосу.